Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Медина Бектурсун кызы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде балдардын кабыл алуусу, өнүүгүсү тууралуу айтып берди.
Ал 1997-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келип, ошол эле жерде чоңоюп-өскөн. Туулуп-өскөн аймагына болгон сүйүүсү аны Ат-Башы менен өмүр жолун байланыштырып, ушул жерге турмушка чыгышына да себеп болгон.
Эки баланын мээримдүү энеси болгон Медина айым үй-бүлөлүк баалуулуктар менен кесиптик жоопкерчиликти айкалыштыра билген айымдардын катарында. Учурда «Акжар–Сезими» балдар бакчасында орус тили мугалими болуп иштеп, кичинекей бөбөктөрдүн алгачкы билим пайдубалын түптөөгө салым кошуп келет.
Ал балдар менен иштөөнү жөн гана кесип эмес, чоң жоопкерчилик жана келечекке салынган инвестиция деп билет. Сабак учурунда ар бир балага өзүнчө мамиле кылып, алардын тилин, ой жүгүртүүсүн жана дүйнө таанымын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Медина айым үчүн бала — угулушу керек болгон инсан, ал эми мугалим — жол көрсөтүүчү.
Тарбиячынын пикиринде, балдардын өнүгүүсүнө телефон тоскоол болуп жатат.
«Балдардын маалыматты кабыл алуусу кээде начарыраак сезилгени менен, бул көбүнчө алардын кичи моторикасы толук өнүгө электигине байланыштуу деп ойлойм. Мындан тышкары телефон да чоң таасир тийгизүүдө. Айрым ата-энелер балдарга жетиштүү көңүл бурбай, колуна телефон кармата салып, өз иштерин бүтүрүүгө шашышат. Бирок телефон балага тирүү баарлашууну, оюнду, эмоцияны алмаштыра албайт.
Балдар менен көбүрөөк ойноо, өнүктүрүүчү оюндарды чогуу ойноо, алар менен чоң кишиге мамиле кылгандай сүйлөшүү абдан маанилүү. Баланын тилин «балача» эмес, так, туура сүйлөп, түшүндүрүп берүү зарыл. Азыркы учурда аутизм сыяктуу өнүгүү бузулуулар көбөйүп жатканы кооптондурат. Аутизм айыкпас дарт экени белгилүү, ошондуктан алдын алуу, эрте көңүл буруу өзгөчө мааниге ээ. Бала менен сүйлөшкөндө үстүнөн карап, алыстан үн катпай, анын деңгээлине түшүп, көзүнө тик карап, боюна тең келип сүйлөшүү керек. Мындай мамиле балага өзүн баалуу сезүүгө шарт түзөт.
Кичинекей балдар маалыматты бизден да тез кабыл алышат. Алар угуп эле койбостон, губкадай сиңирип алышат. Ошондуктан берген суроолоруна так, туура жана түшүнүктүү жооп берүү — ата-эненин чоң жоопкерчилиги. Балдар менен көбүрөөк ойноп, сүйлөшүп, жакын мамиле түзгөндө гана бала ачылып, ишенимге келип, толук кандуу өнүгөт», - деди тарбиячы.