Turmush — Кадамжай районунун Айдаркен шаарынан 10 чакырымдай түштүк-батыш тараптагы Гауин эс алуу аймагы жакта Тегирмен-Сай деген суу аккан өзөн бар. Бул жердин аталышы өзүнчө уламыш тарыхка ээ.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, болжол менен 4-5 кылым мурда тоо койнунда жашаган байлар тегирмен куруп мелдешкен.
Байлар өзөндөн аккан сууга көптөгөн чоң-чоң тегирмендерди курушуп, алардын аркылуу байлыгын көрсөтүшкөн доор болгон дешет. Бир байдын өзүндө 30-40тай тегирмен болуп, сайдын ичинде жүздөгөн тегирмен иштеп турган.
Тегирмен куруу үчүн сайдын эки четиндеги тоолордогу арчаларды кыйып, иштетишкен. Андыктан азыркы учурда арчалардын анчалык чоң эместиги да ушуга байланыштуу болушу мүмкүн дешет.
Ал эми тоонун аркы тарабында Ууру-Сай деген жер бар. Так ушул тегирмендерге уурулукка келген уурулар аймактагы адамдардын мал сарайын да бузуп, малдарын кошо уурдап, Ууру-Сайга барып жашынышканын ата-бабалар айтып келишкен.
Андан бери жылдар өтүп, аталган сайда эч кандай тегирмендин калдыктары калган эмес. Учурда бул өзөндөн аккан суу ылдыйкы Айдаркен шаарын жана башка бир канча айылдарды ичимдик жана сугат суусу менен камсыздап келет.