Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл өкмөтүн 2024-жылдын 29-февралынан бери Руслан Талантбек уулу жетектеп жатат. Айыл өкмөт башчысы кандай иштер аткарылып жатканын айтып берди.
Анын айтымында, жыл ичинде Мырза-Аке айыл аймагында 519 млн 345 миң 4 сомдук инвестиция тартылды. Жолдорго асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолду. Ошондой эле каналдар калыбына келтирилип, көп жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүүдө. Жер боюнча кайрылган жарандарга жер трансформациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

2025-жылга карата ГЭС куруу, 15 чакырымга жакын ички жолго, Мырза-Аке аймагына караштуу республикалык маанидеги 27 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда.
Административдик-аймактык рейорманын алкагында Мырза-Аке жана Алтын-Булак айыл ѳкмѳттөрү бириктирилип, Мырза-Аке айыл ѳкмѳтү болуп кайрадан түзүлгөн. Мырза-Аке айыл аймагында жашаган кожолуктун саны 4 миң 476, калктын саны 23 миң 465 адамды түздү.
Айыл аймакта кыргыз, өзбек, тажик, татар, түрк, казак жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Айыл аймакта 9 айыл жайгашкан. Аларда 9 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп,1 сырттан окуу мектеби, 1 жатак мектеп, 14 бала бакча, 4 айылдык маданият үйү, 3 китеп кана, 4 ФАП ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Андан сырткары мектеп алдындагы 6 спорт аянтча, мектеп алдындагы 7 спорт зал, жеке менчик 2 чакан футбол аянтчасы, муниципалдык спорт аянтчалар, спорттун ар кандай түрү боюнча 4 зал, 2 спорттук аянтча айыл аймактын калкына кызматын кылууда.
Кыска убакыттын ичинде айыл аймактын 2024-2029-жылдар аралыгында туруктуу ѳнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыгып, аймактын тургундарына талкууга чыгарылды жана айылдык кеңешке сунушталды. Мырза-Аке айылдык кеңешинин №46 токтому менен 2024-жыл 23-июлундагы кезексиз сессиясында бекитилди.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери ѳз демилгелери жана аракеттери менен кеңсе алдын оңдоп-түзѳѳ, актап-сырдоо жана жашылдандыруу, гүл бакка айлантуу иштерин колго алды. Имараттын алды тосмолонуп, түнкү чырактар орнотулду.
Мырза-Аке айыл аймагынын ѳнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларында белгиленген милдеттерди жана реалдуу сектордун активдүүлүгүн жандандырууну камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин кѳлѳмүн кѳбѳйтүү, жумушчу орундарды ачуу үчүн CASA-1000 долбоору аркылуу элдин тандоосунун негизинде сүттү топтоо жана кайра иштетүүчү ишкананын курулушу бүтүп, келээрки жылга ѳндүрүш ѳндүрүү боюнча иш-чаралар даярдалууда. Бул ишкананын курулушунун жалпы сметалык баасы 6 млн 400 миң сом болсо, 5 млн 400 миң сом долбоордон, 1 млн сом айыл өкмөттөн каржыланды.
Ушундай эле багыттагы ишкана жалпы сметалык баасы 10 млн 542 миң сом болсо, долбоордон 9 млн 200 миң сом, айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинен 1 млн 342 миң сом акча каражатына курулуп, келээрки жылга толук ѳндүрүш ѳндүрүүгѳ даярдалууда.
Негизинен жергиликтүү бюджетти кѳтѳрүүдѳ стратегиялык иш пландын негизинде мунципиалдык ишканаларды кѳбѳйтүү жана ишин жолго салуу аракеттери көрүлүүдө.
«Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 2024-жылдын 19-апрелинде №13 Мырза-Аке айылдык кеңешинин токтому менен «Мырза-Аке коммуналдык муниципалдык ишканасы» түзүлгөн. Бул ишканага аймактын тазалыгы, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү иштери кошо жүктѳлгѳн. Ишкананын ишин жолго салуу максатында жергиликтүү бюджеттен, фонддордон акча каражаттарын тартылды.
Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен:
1. Ловчий каналы 5200 метр казылды, 780 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды, ӨКМ тарабынан 4000 литр күйүүчү май берилди.
2. Обком-Моңол каналы 1000 метр чабылды, 100 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
3. Кайырма-Моңол канал 1700 метр казылып, 170 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
4. Эргеш-Моңол канал 950 метр казылды, 95 миң сом сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
5. Бабыр-Бак каналы 950 метр казылды, 95 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
6. Бабыр-Өзгөн каналы 960 метр казылды, 96 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
Жалпы 10760 метр канал казылып чабылды. 1 млн 336 миң сом жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
СПА (суу пайдалануучулар ассоциациясы) тарабынан
1. Кандава-Шор суу каналы 2100 метр казылып, 181 миң 600 сом сарпталды.
2. Кайырма-Моңол каналы 400 метр казылып, 36 миң сом сарпталды.
Жалпы 2500 метр канал казылып, 217 миң 600 сом сарпталды.
Өзгөн өнүктүрүү фондунан:
1. Мырза-Арык каналы 500 метр бетондолууга даярдалууда, 1 млн 321 миң 491 сом акча каражаты каралды.
2. Зулпукар каналы 255 метр бетондолду, 1 млн 300 миң сом акча каражаты каралды.
Жалпы 755 метр канал бетондолууга даярдалып, 2 млн 621 миң 491 сом акча каражаты каралды.
Мелиоративдик гидрогеологиялык экспедициядан:
1. Дринаждар 8665 метр казылып, 1 млн 33 миң 794 сом акча каражаты республикалык бюджеттен сарпталды.
«Мырза-Аке коммуналдык муниципалдык ишканасынын» багытына кирген жайыт, тазалык боюнча бир топ иштерди аткарууда.
Айыл жана мал чарбасы
Айыл аймактын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Элге үлүштүк жер катары 1007 га сугат, 3073 га кайрак, 1345 га чөп ормо берилген. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери — 97 га сугат, 368 га кайрак, 355га чөп ормо, 141 га көп жылдык бак-дарак эсептелет. Жалпысынан аймакта жеке механизаторлорунда 77 трактор, 3 комбайн, 7 плющилка жана техникалар жазгы айдап-себүү, күзгү оруп-жыйноо жумуштарында жакындан жардам беришүүдө.
Азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында Мырза-Аке айыл өкмөтүндө БУУнун Азык-түлүк программасы долбоору аркылуу 189 га жерге күздүк дан эгүү пландалып, Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан социалдык жактан муктаж жарандарды камсыз кылуу максатында 30 га жерге күздүк буудай эгилди.
Мырза-Аке айыл аймагында 5 миң 658 га айыл чарба багытындагы жер аянты бар, анын ичинен 1 миң 99 га сугат , 3 миң 73 га кайракы, 1 миң 345 га чөп орунду, 141 га бак бар.
Ветеринария:
Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча да жакшы иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча Мырза-Аке айылынан Койчубек уулу Мырзабек окууга даярданып, осеминатордук пункт куруу боюнча жер өкмөт тарабынан такталып жатат.
Азыркы учурда Мырза-Аке айыл өкмөтү боюнча мал-жандыктардын саны өсүүдө.
Айыл өкмөт боюнча:
- 1000 баш бодо мал идентификациядан өттү;
- кой эчки – 24739 баш;
- жылкы – 2442 баш, идентификациядан өткөрүү 900 баш.
Шарп оорусуна каршы 5800 баш, эмкар оорусуна каршы 3600 баш, Сибирь жарасына каршы 5000 баш эмдөөдөн өттү. Бруцеллез оорусуна каршы кан алган бодо малдар 2100 баш, анын ичинен 6 баш бододон бруцеллез оорусунун белгилери аныкталып, ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды.
Кой-эчкилер төмөнкү оорулар боюнча эмдөөдөн өттү.
1. Сибирь жарасына каршы — 24 миң 200;
2. чечек оорусуна каршы — 24 миң 500.
Бул мал-жандыктарды айыл өкмөтү боюнча 4 ветеринардык сервис тейлеп жатат.
Дегельментизация:
Кутурмага каршы 700 баш ит эмделди жана эхинококко каршы 712 баш итке дары берилди. Ноябрь айына чейин 410 ит атылды. Сибирь жарасынын 6 чордонун залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп, анализ алынып, Өзгөн ветеринардык лабороториясына жөнөтүлгөн.

Калкты тейлөө
- калкты тейлөө пункттарынын саны — 172;
- мунай куюучу станциялар — 3;
- көмүр кендери — 4;
- брекет — 1;
- асфальт чыгаруучу ишкана — 1;
- кыш заводу — 1;
- муниципалдык ишкана — 1;
- кондитердик ишкана — 3;
- чайкана — 2;
- ресторан — 1;
- кафе — 5;
- эс алуу жайлар — 4;
- микро кредиттик ишкана — 3;
- банк кеңселери — 2;
- дарыкана — 4;
- ветеринардык дарыкана — 1;
- дүкөн — 45;
- мончо — 9;
- КДУ — 3;
- пескоблок чыгаруучу ишкана — 2;
- бетон шакекчесин чыгаруучу ишкана — 1;
- курулуш материалдары сатылган дүкөн — 3;
- унаа оңдоочу жай — 4;
- чакан дүкөндөр — 36;
- ашканалар — 27;
- булгарыдан бут кийим тигүчү цех — 1;
- бассейн — 1;
- тигүү цехи — 2;
- касапкана — 1;
- ЖЧК — 2.
Эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес, донор уюмдар менен кызматташуу да ырааттуу жолго салынууда. Бул багытта Бабыр айылына ФАП курулууда. Жалпы сметалык баасы 6 млн 590 миң сом. Негизинен бул акча каражаттын кѳпчүлүгү ѳздүк салым катары 4 млн 500 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

Министрлер кабинетинин программасынын алкагында аймактагы М.Нурбаев жана Чечебай башталгыч мектебин ысык тамакка киргизүү иштери аткарылууда.

БУУнун Азык-Түлүк программасына Мырза-Аке айыл аймагында 5 долбоор боюнча иш жүргүзүлүп, 2024-жыл ичи аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү акы төлөнүүчү коомдук ишке тартып, Коммунист айылына дыйканчылыктарын ташуу үчүн жүк ташуучу авто унаа өтүүчү көпүрө жасоого катышкан 10 адамга 6 каптан ун, 30 литрден өсүмдүк майы берилди.

Ушундай эле иш-аракеттин негизинде Таш-Башат, Алтын-Булак айылдарына 2 га жер аянтына 1600 грек жангак көчөтү, 1400 түп бадам көчөтү отургузулду. Таш-Башат айылына 1 га жер аянтына 300 түп алма, 200 көчөт грек жаңгагы, 700 түп бадам көчөт отургузулду.
Жарандарды коомдук жумушка тартып, 30 литр өсүмдүк майы, 6 каптан ун берилди. Алтын-Булак айылына 2 км таза суу чыгарылып, жалпы 42 адам ун, май менен камсыз болушту.
Андан сырткары кургак учук менен ооруган эки адамга Ысык-Көл облусуна барып, дарыланып келүүсү үчүн айыл өкмөтүнөн 16 миң мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнѳ карата аймактагы 299 майыптуулугу бар жаранга майрамдык маанай тартууланды жана ар бирине 1000 сом ѳлчѳмүндѳ материалдык жардам берилди.

Электр энергиясы менен камсыздоо
Айыл аймакта бюджеттен каржылануучу 8 мектеп, 11 бала бакча, 2 китепкана жана көчө жарыктары бар. Алардын 2024-жылдын 10 айлык электр энергияга болгон чыгымы 667680 квт/ саат, суммасы 1 млн 752 миң 897 сом 00 тыйын. 2024-жылдын 10 айында бюджеттик мекемелердин пайдаланган электр энергиясы үчүн карызы толугу менен төлөнүп берилди. Жергиликтүү бюджеттен аймактагы түнкү жарыктар алмашылды.
Райондук ѳнүктүрүү фонду аркылуу 700 миң сомго долбоор жазылып, электр мамычалары алмаштырылды.
Өзгөчө кырдаалдар
2024-жылдын апрель айындагы аймактагы селден улам кѳптѳгѳн планга кирбеген иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлдү. Сел, суу ташкындарын алдын алууда оор техникалар менен толуп калган селканаларды тазалоо жана туруксуз аба ырайынын кесепеттеринен селден жабыркаган ички жолдорду жана ички арыктарды калыбына келтирүү иштери аткарылды.
Сел менен кошо келген ылайка жана агындылар 250 миң сомго оор техникалар менен тазаланып чыгарылды. Ловчий каналын тазалоо иштери толук бүткөрүлдү, 5 200 метр канал казылды.

Айыл ѳкмѳттүн кайрылуусунун негизинде аймакка ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилип, райондогу тийиштүү мекеме-уюмдардан жумушчу топ түзүлүп, жардамчы күчтѳр тартылды. Калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Жумушчу топтун жардамы менен 323 үйгѳ, анын ичинен 123 үйдүн ичине суу киргени аныкталып, тийиштүү колдоолор кѳрсѳтүлдү.
-
Райондогу бардык мекеме-уюмдар тарабынан суу кирген үйлѳрдү тазалоо жумуштарын аткарууга кѳмѳк кѳрсѳтүлдү.
-
Райондор аралык эмгек, социалдык коргоо жана миграця башкармалыгы тарабынан 57 жаран коомдук акы тѳлѳнүүчү жумушка тартылды, эмгек акысына 1800 сомдон тѳлѳнүп берилди.
-
Райондук санитардык кѳзѳмѳлдѳѳ борборуна жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ѳткѳрүп, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
-
Айыл ѳкмѳт тарабынан Кызыл жарым ай коомуна кайрылуу жасап, күндѳлүк керектелүүчү каражаттардан кѳмѳк алынды.
Социалдык коргоо
«Ден соолук» улуттук программасынын иш-чараларын аткарууда «Калкты кургак учуктан коргоо» мыйзамына ылайык, кургак учук менен ооруган жарандарга өздүк эсебине 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. 12 ай ичинде 2 жаранга 4000 сом берилди. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2024-жылдын 12 ай ичинде дары-дармегин алуу үчүн материалдык жардамга муктаж 56 жаранга акчалай жана материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Жалпы сумма 167 миң 500 сомду түзду.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 9 жаранга өкмөттүн резеврдик фондунун эсебинен 45 миң сом, жалпы ай ичинде 68 жаранга 221 миң 500 сом акча каражаты берилди.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата «Баатыр эне» ордени, Эне-даңкы» медалын алган энелерди сыйлоодо айыл өкмөтүнөн 25 аял барып катышты. 47 миң сом акча каражаты майрамдык кечеге барып келген энелердин сый тамагына которулуп берилди.
2024-жылдын орозо айында муктаждарга жардам берүү үчүн жеке ишкерлер тарабынан аз камсыз, майыптуулугу бар, жалгыз бой жарандарга ар бирине 30 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Жалпы көрсөткөн акчалай жардамы 900 миң сомду түздү.
Эмдөө алуудан баш тарткандарга эл көп топтолгон жерлерде, жума намаздарда имамдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери алынып барылууда.
2024-жылга БУУнун Азык-түлүк долбооруна өткөрүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка тартып, 6 каптан ун, 30 литрден май менен 42 жаран камсыз кылынды.
Айыл өкмөттүн аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде мыйзамсыз ата-энелерден, окуучулардан акча топтоого жол бербөө максатында ар бир мектеп директорлоруна буйрук чыгарылып, кол койдуруп алынган жана мыйзамсыз иш-аракеттер болгон жок.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу №66 А.Маматов атындагы орто мектебинин окуучулары райондон жана облустан 1-орунду алып, Өзбекстанга барып, 1-орунду алып келишти. Тамак-ашы, жол акысын айыл өкмөтү каржылап берди. Облуска барып келүүдө 28 миң сом, Өзбекстанга 60 миң сом, жалпы 88 миң сом акча каражаты айыл өкмөт тарабынан каралып берилди.
Маданият тармагы боюнча президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнундө», «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарын, «Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясын» турмушка ашыруу максатында «Маданий баалуулуктарды жана кыргыздын каада-салтын жайылтуу» боюнча Т.Машрапов атындагы орто мектебинде «Улуттук нарк элдик тарбия» аталышында иш-чара өткөрүлдү.
Энелер күнүнө карата 28-май күнү Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 70 жаштан жогорку энелерди жана баатыр энелерди, мекеме-уюмдардын айым жетекчилерин ресторанда сыйлоо аземи өткөрүлдү. 168 энеге сый тамак жана баалуу белектер берилди. 20 миң сом акча каражаты каралып берилди.
2024-жылдын 25-майында, акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасын өткөрүүдө окуучуларга татыктуу тарбия берген эң алдыңкы мугалимдер жана эң алдыңкы окуучулар айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланышты.
2024-жылдын 1-июнунда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу 14 бала бакчадагы 1641 балага балмуздак таратылып берилди. 36 миң сом акча каражаты каралып берилди.
Андан сырткары айыл аймактагы 10 тоголок жетим балага 2000 сомдон акчалай жардам берилди, жалпы Балдар күнүнө карата 56 миң сом акча каражаты жумшалды.
2023-2024-окуу жылында Мырза-Аке айыл аймагындагы билим берүү уюмдарынан 180 бүтүрүчү бүттү. Босого балдан 91 окуучу өттү.
Эң жогорку балл алгандар — 208, орточо бал алгандар — 145. Эң жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо аземи 2024-жылы 6-июлда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте айыл өкмөтүнө караштуу М.Нурбаев атындагы орто мектебинде окуучусу 208 балл алган, сырттан окуу бөлүмүндө Нишанов Акбар 202 балл, Савитбекова Назбийке 206 балл алып, айыл өкмөтү тарабынан 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мугалимдери 3000 сом менен сыйланышты.
1-октябрь — Карыялар күнүндө айыл өкмөтүндө 70 жаштан жогорку 168 аксакалга ресторанда чай берилди, белектер таркатылды, 190,0 (жүз токсон мин) сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан болүнүп берилди.
Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата айыл өкмөтүндө бала бакчалар билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте айыл өкмөтүндө жобо иштелип чыгып, кыргыздын улутта калган буюмдары жана кийимдери боз үйдүн жасалгасы боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөргө байге:
- 1-орун — 20 миң сом;
- 2-орун — 15 миң сом;
- 3-орун — 10 миң сом.
5-октябрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спорттук иш- чарасына айыл өкмөтүнөн 6 жаран барып, катышып келди. Кол күрөш, шашки, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча күч сынашып, айыл өкмөтү тарабынан ар бир оюнчуга 2 миң сомдон акча каражаты каралып берилди.
1-ноябрь — Милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөдө айыл өкмөтүнүн аймагында кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине жана ардагер милиционерлерди сыйлоодо 20 миң сом акча каражаты берилди.
6-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 11 билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин сыйлоодо айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктарды алышты. Жалпы 48 миң сом акча каражаты жумшалды.
Мырза-Аке айыл аймагынын бокс боюнча биринчилиги, футбол боюнча биринчилиги өттү.
Бул спорттук иш-чараларга долбоор жана жеке ишкерлер демѳѳрчүлүк кылышты.
Аймактагы жаш ѳсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоо максатында кеңсенин алдына жеке аппарат кызматкерлери жана демѳѳрчүлѳрдүн колдоосу астында 520 миң сомго флагшток орнотулду.
Алыскы айылдардын бири болгон Алтын-Булакка жеке демѳѳрчүлѳрдүн колдоосу астында бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди.
Аймактагы эскилиги жеткен маданият үйүн дем берүүчү грант аркылуу 4 миллион сомго чатыры, сырты, терезелери жаңыртылды. 3 миллион сомдон ашуун акча каражатына райондук ѳнүктүрүү фонду аркылуу ички фое, сахна, отургучтар, жылытуу системасы алмаштырылды.
2024-жыл аяктаганга чейин Транспорт министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен Куманжан-Датка, Кандаба—Чечебай—Алтын-Булак, Адыр, Турганбаев, Интернат кѳчѳлѳрүнѳ асфальт басылды.
Аны менен улай эле аймактын борбору болгон, мектеп, бала бакча, соода-сатык жайлары жыш жайгашкан кѳчѳгѳ жергиликтүү бюджеттен жѳѳ жүргүнчүлѳ жүрүүчү тратуардын курулушу жүрүүдѳ.
2024-жылы пландалган инвестициянын кѳлѳмү 638 млн 11 миң 2 сом болсо, аткарылганы 519 млн 345 миң 4 сомду түздү.
Арыз-даттануулар жеринде чечилүүдө
Жарандардын чек бөлүп берүү арыздарына карата жер трансформациялоо иши алынып барылууда. Ар түрдүү арыздарда негизинен коңшулары менен чек ара маселесин тактоо боюнча кайрылуулар келип түшөт. Бул маселе боюнча «Кадастр» мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте тактоо иши жүргүзүлүп, жооп берилди.
2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин айыл өкмөтүнө 502 арыз- кайрылуу келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар ошол эле күнү айыл өкмөтүнүн жарандардын арыздарын жана кайрылууларын каттоо жураналына катталып, өз убагында арыз ээлеринин маселелери чечилип, жооптору берилүүдө.
106 арыз чек сурап кайрылган жарандардан келип түшкөн. Кезекке коюлуп, жер трансформация болгондо бөлүнүп бериле тургандагы жөнүндө арыз ээлерине өз убагында билдирүү берилди. Ар түрдүү маселелер боюнча 78 арыз айыл өкмөтүнүн башчысына келип түшкөн. 260 оозеки кайрылуунун негизинен жеке сүйлөшүү жана документтердин (үйдүн кызыл китебине, келишим, жөлөк пул жана башкаларга) кол койдуруу боюнча кайрылышкан.
1. Чек — 106;
2. Ар түрдүү — 78;
3. Оозеки — 324;
4. Жыйынтыгы — 502.
2025-жылы аймакта 15 км жакын ички жол, республикалык маанидеги Мырза-Аке аймагына караштуу 27 км жол асфалтталуусу күтүлүүдѳ.
Мындан сырткары Ясы дарыясынын жээгине дамба куруу. Калпак учаскасындагы талкаланган суу лотокторун калыбына келтирүү иштери аткарылышы мерчемделүүдѳ.
Бүгүнкү күндѳ Мырза-Аке айыл аймагына караштуу участкада кичи ГЭС куруу иштеринин бардык иш кагаздары бүтүп, курулуш иштери башталуунун алдында турат. Бул чакан ГЭСтин курулушу 2025-жылдын аягы, 2026-жылдын башында бүтүп, ишке кирүү планы мерчемделүүдѳ.