Turmush — Кыргызстандык Нурсултан Токтосун уулу Германияда дүйнөгө белгилүү Amazon компаниясында айдоочу болуп иштеп жатат. Ал чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз Ош облусунун Өзгөн районунда 1994-жылы 7-ноябрда туулган.
Илим — ийне менен кудук казгандай
7-класска чейин Жээнбек Мамаджанов атындагы №58 орто мектебинде окуп, 8-класстан баштап Уркуя Салиева атындагы Ош облустук таланттуу балдар лицей-мектеп интернатында билим алдым. Мектебибизде англис тилин бекер окутушчу. Бирок мен ал жерден үйрөнбөй, кийин атайын курстарга барып, акча төлөп окудум.
Биз көп балалуу үй-бүлөлүн катарына киребиз, 8 уул, 1 кызбыз. 9 бир туугандын бешинчиси болом. Атам Токтосун Акпышаров, апам Канымбү Матмусаев. Биз ата-энебизге абдан ыраазыбыз. Алар бизди ушул даражага жеткирди.
2012-жылы аталган гимназияны аяктаган соӊ, Ош мамлекеттик юридикалык институтка тапшырып, аны 2016-жылы аяктадым. Андан соӊ мекен алдында милдетимди аткарып, аскерге барып келдим. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде бир жылдык кызматымды өтөдүм. Ал жактан лейтенант деген наам алгам. Университетте жакшы окуп, юрист кесибим менен элге кызмат кылайын деп ойлогом. Жеке эле бизде эмес, мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн баарында бир система орноп калыптыр. Жалпыга белгилүү болгондой, жумушка кирүү үчүн тааныш же акчаӊ болуш керек экен. Мен ИИМге, прокуратурага, аэропортко бардым. Тилекке каршы, жогоруда айтылган системадан соӊ маанайым түштү. Классташ, дос балдарым орган кызматтарында иштеп жүрүшкөндө, айлыктарынын аздыгынан Германияга кетебиз деп тил үйрөнүп, аракет кылып калышты. Анан мен дагы кызыгып баштадым. Ошентип бир компания менен сүйлөшүп, Латвиянын Рига шаарына 3 айга келишим менен жумушка кеттим.
Ааламга жол айылдан башталат
Анда 2018-жыл болчу. Европага алгач келгенде, албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анан дагы Рига шаарынан бир дагы кыргыз жолуктурган жокмун. Мен тааныган бир-эки кыргыз эле бар болчу. Бөтөн эл, бөтөн жер, Кыргызстанга болгон кусалык. Айтор, баштан бир далай кыйын күндөр өттү. Тил дагы билчү эмесмин.
Латвияда 3 айлык келишим бүткөн соӊ, убактылуу жашоочу деген документ алып, Польшанын Варшава шаарында 1,5 жыл иштедим. Тил билбегеним үчүн пицца ташып иштедим. Жетекчибиз бангладештик, бирок Англияда жашачу. Мусулман болгону үчүн мени жумушка алган. Польшада тил үйрөнүү жеӊил болду. Алардын тили орустардыкына окшошуп кетет экен. Ошондон улам тез үйрөндүм. Анын үстүнө онлайн тил курстарынан да билим алдым. Кийин тил үйрөнүп, кассага отурдум. Чет өлкөгө келем деген киши тил сөзсүз үйрөнүп алышы керек.
1,5 жылдан кийин документтин мөөнөтүн узарттым. Эки жылдан кийин Польшанын тилинен сынак тапшырып өтүп кетсем, узак убакытка жашай тургандай документ берилет. Андан соӊ, кааласаӊ жарандыгын алсаӊ болот.
Интеграциялашкан сабак — саякат
2019-жылы Пандемия башталып калды. Германиянын Гамбург шаарына иштөө үчүн барууга туура келди. Ал жактан келишимдин негизинде дүйнөгө белгилүү Amazon компаниясына жумушка орноштум. Учурда ошол компанияда 50-200 чакырымга чейин товар жеткирип, айдоочу болуп иштейм. Латвияда жүргөндө такси кызматында да иштегем. Польшада дагы пандемиянын башталышында таксиде иштедим. Негизи Польшада кыргыздар аябай көп. Ошонун 70 пайызы таксиде иштешет.
Европа чынында маданияты, адамдардын жашоо образы менен жакты. Көп тажрыйба топтоп, жашоого болгон көз караш өзгөрдү. Учурда немис тилин дагы үйрөнүп жатам. IT тармагында билим алсамбы деген ой бар.
Евросоюзда 27 мамлекет бар. Баарында чек ара деген түшүнүк жок. Мен 4 жылдын ичинде Латвия, Литвия, Эстония, Швеция, Болгария, Испания, Польша, Словакия, Венгрия, Австрия, Германия, Франция, Швейцария, Испания жана башка болуп 17 мамлекетти кыдырып көрдүм.
Учурда дүйнө жүзүндө кризис болуп жатат. Бирок, таӊ калыштуусу Германияда ал сезилген жок. Экономикасы ушунчалык ургалдуу өнүккөн экен. Быйыл, 2022-жылдын 1-январынан тарта маяна көтөрүлдү. Учурда Германияда бир саатына эӊ аз дегенде 9 евро төлөп бермей болду. Ошондо биздин акча менен саатына 900 сом. Германияда жумушчу күчтөр абдан жетишсиз экен. Келип жаткан жана мурунтан иштеп жүргөн кыргыздар көп. Кечээ жакында эле элчилик бир иш-чара өткөрдү. Ошондо Гамбург шаарында эле 300 түтүн кыргыз бар экени айтылды. Мигрант кыргыздар өз ара абдан ынтымактуу. Бирок, айлыгыӊа жараша жашоо кымбат. Мисалы, бир бөлмөлүү батирди ижарага алсаӊ, айына 600 евродон жогору төлөйсүң. Бул эӊ арзаны. Биздин акча менен 60-70 миӊ сом.