Turmush — Өзгөн районунун эли «Альянс» партиясынын талапкерлерин өзгөчө маанай менен тосуп алышты. Жергиликтүү калк менен жолугушууга партиянын тең төрагасы Жанарбек Акаев, саясатта салмактуу орду бар Алтынбек Сулайманов жана кыргыз телесинин жүзү Космосбек Чыдынов келген.
Илгери үмүт менен чогулган тургундар партиянын алдыдагы пландары, анын курамы менен жакындан таанышып, аламан жарышта «Альянс» партиясы алдыга озуп чыксын деп ак батасын беришти.
Ал эми Мырзаке айылынан чыккан талапкер Космосбек Чыдынов өзүн колдоп, ишеним көрсөтүп келген жердештерине жана партиялаштарына ыраазычылык билдирди.
Жаңы куралган партиянын планында экономика, мамлекетти башкаруу, билим берүү жана маданият, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүү каралган. Муну менен катар партиянын башкы максаттарынын бири — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эффективдүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу камтылган.
АЛЬЯНС - 3 ☑ - БИР КҮЧ!
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы
Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы
Нускасы: 1
Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 11-ноябры
«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).