Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын айрым жаштары «Добушуңду сатпа!» акциясын башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаш активист Акылбек Жаныбековдун айтымында, парламенттик шайлоого карата бүгүн, 29-сентябрда айылдын жаштары «Добушуңду сатпа!» деп жазылган плакаттарды илишти.
«Амантур Маметмуса уулу демилге кылып, демилгени жаштар колдоп бердик. 5 жылда бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып, добушубузду акчага сатып жиберип, бармак тиштеп отуруп калбайлы. Эл бул жолкусунда сатылбай, жүрөгүн угуп, татыктуусун шайлап алсын деген максатта "Добушуңду сатпа!" деп жазып, плакаттарды илдик», - деди А.Жаныбеков.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.