Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.08.2019 10:25

Өзгөндөгү унаа кырсыктан 53 жаштагы адам мерт болду

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Газовый айылындагы унаа кырсыктан 53 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган И.М. аттуу эркек киши каза болду. 3 куткаруучу каза болгон адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×