Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.08.2019 15:07 Жаңыланды: 03.08.2019 11:55 На русском

Өзгөндүн Куршаб айылында дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Кылымбек изделүүдө. Сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылынын 19 жаштагы тургуну Аскар уулу Кылымбек изделип жатат. Бул тууралуу анын бир тууган агасы Аскар уулу Нурсултан билдирди.

Анын айтымында, иниси 1-август күнү Куршаб айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кылымбек психикалык жактан жабыркайт. Көргөн-билгендер болсо 0776 75 76 25 (Нурсултан) номуру аркылуу байланышса болот.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, Кылымбек өзү жашаган үйдөн 1-август күнү саат 10:00 чамасында чыгып кеткен. Психикалык жактан ооругандыктан өзүнүн, ата-энесинин атын гана айта алат. Жашаган дарегин айта албайт.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, кара тору, чачы, кашы, көзү кара түстө.

Кийген кийимдери: жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда жайкы жеңил бут кийим.

Анын жүргөн жерин же ал туурасында маалымат билгендер болсо 102, (3233) 5-06-36, 0778 48-63-58, 0553 88-88-92 номурлары аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×