Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.07.2019 13:10

Өзгөн районунда балдардын шоктугунан улам 3 тонна чөп өрттөнүп кетти

Turmush -  Өзгөн районунун Калинин айылында 2,5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ӨКМден билдиришти.

Кара-Суу районунун Медресе айылында 1 гектардагы куураган чөп өрттөнгөн. Учурда бул кырсыктардын себептери такталып жатат.

Алай районунун Арпа-Теңир айылында «ЗИЛ» үлгүсүндөгү унаа үстүндө жыйылып турган 2 тонна чөбү менен кошо күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Өзгөн районунун Комсомол айылында жыйылып турган 3 тонна чөп күйдү. Бул кырсыктын чыгышына балдардын от менен ойногон шоктугу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×