Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.07.2019 16:03 На русском

Видео — Аарылар чогулткан балдан ыйык жазуу көрүндү. Казы эмне дейт?

Turmush -  Өзгөн районунда аарылар бал челекке «Аллах» деген жазуу тартылган бал топтошту. Бул тууралуу Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев билдирди.

Анын айтымында, ал үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери бал аары кармашат.

«Кечээ, 21-июль күнү бал челектеги балды көрүп коелу деп Өзгөн районунун Алтын-Булак айылындагы атабыз Абдирайым карынын үйүнө барганбыз. Бир убакта бал челектеги рамкаларды алып жаткан уулум чуркап келип, "ата" деп калды. Карасак, аарылар рамкага "Аллах" деп жазылган бал чогултушуптур. Бул дагы кудайдын буйругу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×