Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.07.2019 18:07

Өзгөндүн тургундары май куюучу жайдын курулушуна каршы чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Карчыбек айылынын тургундары май куюучу жайдын курулушуна нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

5-июль күнү Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Карчыбек айылында май куюучу жай куруп жаткан ишкер менен жергиликтүү калктын ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Жашоочулар май куюучу жай турак үйлөргө жакын болуп калат деп кооптонгонун айтышкан.

Бирок айыл өкмөт башчы Кубанычбек Бакиров атайын комиссия тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, май куюучу жай курула турганын билдирди.

«Биздин айыл өкмөттө бир дагы май куюучу жай жок. Ошондуктан жеке ишкер май куюучу жай куруу үчүн 6 ай мурун бардык документтерин даярдаган. Учурда курулуш иштери баштала элек. Жергиликтүү тургундар туура эмес түшүнүп, пикир келишпестик жаралды», - деди К.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×