Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.06.2019 11:27

Өзгөндүн Чечебай айылында 2 жылдан бери таза суу тартуу иштери аягына чыкпай жатат. Видео

Turmush -  Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чечебай айылынын тургундары ушул күнгө чейин каналдан суу ичип келишет.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, таза суу чыгаруу үчүн, 2 жыл мурун жер казуу иштери башталган. Бирок ушул күнгө чейин таза суу чыкпай келет. Сууну тарттырып келген ишкана эскертүү алганы айтылып жатат.

Таза сууну тарттырып берүүнү колго алган ишканага буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча региондук башкармалыгы тарабынан 2 ирет эскертүү берилгенин аталган башкармалыктын жетекчиси Султан Байымбетов тастыктады.

«Чечебай айылында таза суу чыгарып берүү боюнча тендерден уткан компания суу тарттырып келүүдө катачылыктарга жол берген. Биз ошол катачылыктарды жоюу боюнча 2 ирет эскертүү бергенбиз. Бирок бизге кат жүзүндө жооп келбегендиктен, 1,5 ай мурун Өзгөн райондук прокуратурага бергенбиз. Азырынча жооп келе элек. Ишкана 4 км 300 метр жерден айылдын башына сууну тарттырып келүү үчүн 7 млн 900 миң сомго тендерден уткан. Бирок алар долбоордо көрсөтүлгөндөй кылып ишти аткарбай, мүчүлүштүктөргө жол беришкен. Учурда экинчи баскычта айылдын ичине суу түтүктөрүн тартуу үчүн Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланды. Биринчи баскычта айылга чейин суу тартырылса, экинчи этапта айылдын ичиндеги көчөлөргө суу тартырылат», - деди С. Байымбетов.

Ал эми Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марлен Медетовдун айтымында, башкармалык тарабынан айылдын ичине таза суу тарттыруу үчүн 4 млн 308 миң 412 сомго тендер жарыяланган. Бирок биринчи баскычта жасалган жумуштар кабыл алына элек.

«Биринчи баскычта резервуар куруп, булактан айылга чейин суу тарттырып келүү каралган. Бирок биз биринчи баскычта жасалган жумуштарды кабыл ала элекпиз. Атайын комиссия бар, ошол карап чыгып уруксат берсе гана кабыл алынат. Ал эми экинчи баскычта айылдын ичине суу тартуу каралган. Ал боюнча тендер жарыялаганбыз», - деди Медетов

Жергиликтүүлөрдүн маалыматына караганда, таза суу тарттыруу иштери башталганга чейин айылдагы ички жолдорго демөөрчүлөр тарабынан шагыл төгүлгөн. Суу тарттыруу үчүн жолдогу шагылдар жылдырылып, ошол бойдон калыбына келтирилген эмес.

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Тынчтыкбек Садыковдун айтымында, таза суу боюнча экинчи баскычтагы долбоор толугу менен даярдалган.

«Биздин айыл өкмөттөгү кээ бир айылдын жашоочулары өздөрү демилге көтөрүп, үйлөрүнөн суу чыгарып алышты. Ал эми Чечебай айылына таза суу чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен каражат каралган. Учурда таза суу чыгаруу боюнча экинчи баскычка долбоорлору даярдалып, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Жол боюнча жашоочулар мага да кайрылган. Учурда бул боюнча иш алып барып жатабыз», - деди Садыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×