Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.06.2019 11:11 На русском

«Мончодон айырмасы жок»: Өзгөндөгү Калкты тейлөө борборунда кезек күткөндөр нааразы

Turmush -  Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун абалы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратты. Алар борбордон бир документ алуу үчүн 3-4 саат кезекке туруу керек экенин жазышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Социалдык тармактардан: «Борбордун ичинде бош орун жок, карыган адамдар, баласы менен келгендер, кош бойлуу келиндер үчүн абал оор. Таанышың болсо, ишиң бат эле бүтөт. Ушундай маселелер качан чечилет?» деген билдирүүлөрдү көрүүгө болот.

Жылдызгүл Кадыралиева аттуу колдонуучу кызматкерлерге нааразы экенин жазса, Асел Маматова аттуу колдонуучу аныктама (справка) алуу үчүн 5 күн күткөнүн жазган. Ал эми Байболот Атаканов кондиционердин жоктугунан мекеменин ичи мончодон айырмасы жок болуп каларын билдирди.

Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн башчысы Урмат Асанбеков мекемеде терезе жок болгондуктан, кызматкерлерге жана кезек күткөндөргө ыңгайсыздыктар жаралып жатканын жашырган жок.

«Паспорт, калкты тейлөө, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү бир имаратта жайгашкан. Желдетүү үчүн терезелер да жок. Эшик ачылып турат. Андан башка эч нерсе жок. Бизге күнүгө аябай көп адам кайрылат. Ар кандай адамдар бар. Бизде желдетүүчү терезе (вентиляционная шахта) болуш керек. Бул боюнча экотехинспекциясына да кайрылганбыз. Азырынча маселе чечиле элек. Бизде дүйшөмбү күндөрү гана кезек күткөндөрдүн саны көп болбосо, башка күндөрү болбойт. Учурда паспорт берүү боюнча 5 адис иштеп жатат», - деди ал.

Өзгөн райондук калкты тейлөө жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Жороеванын айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисиндеги пин-коддордогу каталардан улам кезек күткөндөрдүн саны көбөйүп жатат.

«Буга чейин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) Социалдык фонддун кызматкерлери тарабынан берилип келген. Полисти берүү милдети бир жыл мурун бизге өткөрүлгөн. Анын аталышы "пин-код" деп өзгөргөн. Биз буга чейин ката кеткен пин-коддордун баарын оңдоп жатабыз. Аларды оңдоо үчүн Бишкекке жөнөтөбүз. Бишкектен оңдолуп келгенче көп убакытты талап кылып, кезек күткөндөрдүн саны да көбөйүп жатат. Бизге өзүбүз оңдой тургандай кылып мүмкүнчүлүк түзүлгөндө мындай көйгөй жаралмак эмес. Айрым учурда тамгадан, туулган жылдан, айдан ката кетип калат. Бир адам пин-коддогу ката үчүн 3-4 жолу келген учурлар болот. Ал эми бөлмөлөрдүн тардыгы — бул экинчи көйгөй. Анткени кондиционер иштебейт, терезе жок, имаратыбыз тар. Бизди чоңураак жайга көчүрүшсө жакшы болмок», - деди С.Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×