Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл аймагында мектептин жаңы имаратынын курулушу башталып, 3 чакырым жол асфальттоого даярдалып жатат. Бул тууралуу Жазы айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Жазы айылындагы А.Абдыкеримов атындагы ммектептин 375 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды. Анын курулушуна республикалык бюджеттен акча каражаты каралат. Азыркы учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Жаңы имаратты 2027-жылдын апрель айында колдонууга берүү пландалууда.
Курулуш иштерин «Эсир Компани» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Эсир Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси — Эргешов Бакай Туратбекович. Компания 2014-жылы 17-мартта каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.
Муну менен катар Жазы айылында 3 чакырым негизги жолду оңдоо иштери башталды. Асфальт төшөө үчүн жолдор тегизделип даярдалууда. Оңдоо иштери республикалык бюджеттин колдоосу менен ишке ашууда.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, объекттин курулушу 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордук-сметалык документациясы «Арх Координат» ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Сметалык баасы — 282 612,57 миң сом. Тендердик баасы — жалпы чыгымдары менен 247 732,010 миң сом.
Курулуш жумуштарын баштоо үчүн «Эсир Компани» ЖЧКсы менен 2025-жылдын 31-октябрында келишим түзүлгөн.
Курулуш башталгандан бери 6200,0 сом каржыланып, курулуш-монтаждоо жумуштарына 4 859,08 миң сом каржыланган.
2026-жылдын титулдук тизмесинин иш планына республикалык бюджеттин эсебинен 5 000,0 миң сом каралып, толук каржылоо ачылган. Аталган курулуш объектиси республикалык бюджеттен милдеттеме аркылуу каржылоонун санына киргизилген.
Бүгүнкү күндө окуу корпусунун даярдыгы — 8%. Учурда котлован казуу жумуштары 100%га аткарылды.
- Объекттин жалпы пайдалануучу аянты — 4332,4 м2.
- Башкы планда 375 орундуу окуу имарат, спортзалы, откана көмүр сактоочу жайы менен, 12 очколук ажаткана, таза суу 100м3 кампасы, өрт өчүрүүчү суу кампа жана КГТП каралган.
Мектептин имараты 2 кабаттуу 5 блоктон турат:
- А блогу 2 кабаттуу имарат (медициналык, коммуналдык жана окуу жайлары) жертөлөөсү жок, тик бурчтуу формада, узун-туурасы 40,7 х 16,0м.
- Б блогу, 2 кабаттуу (коммуналдык жана окуу жайлары) узун-туурасы 34,0 х 15,0 м.
- В блогу, спортзал узун-туурасы 25,0 х 15,0м.
- Г блогу (окуу блок), эки кабаттуу, узун-туурасы 34,0 х 15,6м.
- Д блогу (тамак-аш жана жыйын зал), эки кабаттуу узун-туурасы 25,6х15,0м.