Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча мелдеш өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анын алкагында 2 чакырымга ат жарыш боюнча мелдеш уюштурулуп, ага 3 катышуучу катышты.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга «Азия» каймана аттуу аргымактын таластык чабандеси татыса, 2-орунду Чүй облусунун чабандеси ээледи. Ал эми 3-орунду Ош облусунун Ноокат районунун келген чабандес алды.
Жеңүүчүлөргө медалдар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.