Turmush — Манас шаарында курулуп жаткан 7 ири объект боюнча долбоордук документтерди даярдоодо талаптар сакталбай, айрым объекттердин жалпы сметалык баасы негизсиз кымбат көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Жыйында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан 9 ири объект Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтөрү айтылды.
Министр Манас шаарында курулушу жүрүп жаткан 7 объект боюнча Манас шаар мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматалиевден маалымат алды. Анын айтымында, объекттер боюнча долбоорлордун сметалык баалары жана экспертизанын жыйынтыктары параллелдүү түрдө жүргүзүлүп жатат.
Бирок Нурдан Орунтаев бул объекттерде талаптар сакталбаганын белгиледи.
«Объекттердин баалары өтө эле кымбат көрсөтүлгөн. Долбоордук документтер толук аяктаган эмес, экспертизадан өткөрүлбөстөн эле келишимдер түзүлүп, тендерлер жарыяланган. Баары талапка ылайык жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан биз мунун баарын мыйзамдуу нукка салып, сапатын карап, өз убагында бүтүрүп берели деп жатабыз», — деди министр.
Министр шаардагы курулуш объекттерин жеринен көрүп чыгып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардын өкүлдөрүн ишти токтотпоого чакырды. Ал келишимдер жаңыланарын, эң башкысы — объекттер сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.
Манас шаарындагы Ю. Абдрахманов көчөсүндө курулуп жаткан 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайынын жалпы сметалык баасы кайра каралмай болду. Бул объектти бүтүрүүгө жалпысынан 2 млрд 800 млн сом каралган.
«Бишкектеги спорттук арена деле 1 млрд 800 млн сомго бүткөн. Мунун андан кандай айырмасы бар? Бассейни бар экен, мейли, дагы 300 млн сом кошулсун. 2 млрд сомдун тегерегинде деле бүтмөк. Долбооруңарды толук карап чыгып, такташып алалы. Иш токтобой улана берсин. Каражат бөлүү жагынан маселе болбойт», — деди ал курулуш компаниясынын өкүлүнө.
Министр Манас шаарындагы Р. Азимов көчөсүндө жайгашкан президенттик «Акылман» лицейинин курулушунун баасы да жогору экенин белгиледи.
«Объекттин жалпы сметалык баасы 1 млрд 700 млн сом деп көрсөтүлүп жатат. Лицейдин бир чарчы метри 870 долларды, кыргыз акчасына чакканда 76 миң 252 сомду түзүп жатат. Мисалы, Сузак районундагы Алыкулов атындагы мектеп президенттин катышуусунда ачылды. Сапаты да жакшы бүткөн. Ошол мектепти биз 750 доллар менен бүтүргөнбүз. Бул жерде чарчы метрине 140 долларга чейин айырма чыгып жатат», — деди министр.
Маалыматка караганда, 360 орундуу, 3 кабаттуу лицейдин долбоору «Абрис Гранд» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан. Курулуштун заказчысы — Манас шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаменти. Ал эми курулуш иштерин «СК Альянс» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Объект үчүн жалпысынан 1 млрд сом бөлүнүп, анын 300 млн сому «СК Альянс» ЖЧКсына берилген.
Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өтө турган объекттер:
— Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайы;
— Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусу;
— Р. Азимов көчөсүндөгү президенттик «Акылман» лицейинин филиалы;
— Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан облустук филармониянын жаңы имараты;
— Курманбек көчөсүндөгү заманбап шаардык музей;
— насостук станциянын, жөнгө салуучу резервуарлардын, түтүк өткөргүчтөрдүн жана ирригациялык тармактардын курулушу.
Мындан тышкары, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун да көзөмөлгө алат.