Turmush — Лейлек районунда мурдагы жубайынын үйүндө уурулук кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Раззаков шаарынын 27 жаштагы тургуну Б.А. 2026-жылдын январь айында мурда ажырашып кеткен жубайынын Сүлүктү шаарындагы үйүнө баласын көрүү максатында барган. Андан кийин аялы ал үйдөн анын алтын буюмун жана акчасын уурдап кетип, 160 миң сомдук зыян тартканын билдирип милицияга кайрылган. Бул факты Сүлүктү ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, тиешелүү тергөө иштери башталган.
Кылмышка шектүү Б.А. кармалып, тергөө амалдары улантылууда.