Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда 20га жакын фермер малды жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуп, асыл тукум мал өстүрүүгө басым жасай баштады. Адистер бул ыкма мал чарбасында сапатты жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешүүдө.
Айрым фермерлер малдын санын көбөйтүүдөн көрө, сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатышат.
Ат-Башы райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Төрөгелди Тынымсеитов Turmush басылмасына берген комментарийинде бул багыттагы иштер акырындап күч алып жатканын билдирди.
Анын айтымында, учурда малды асылдандыруу максатында жасалма уруктандыруу ыкмасы активдүү колдонулуп жатат. Мамлекет тарабынан бекер уруктар берилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Айыл өкмөт башчылары менен бирге жыйын өткөрүп, ар бир бададагы уйлардан кан алып текшерип жатабыз. Эгерде мал таза болсо, жасалма уруктандыруу иштерин күчөтөбүз. Өткөн жылы жасалма уруктандыруунун негизинде алынган асыл тукум торпоктор бар. Жакын арада аларды көргөзмөгө коюп, элге тааныштыруу жана жармаңке уюштуруу пландалууда», - деди ал.
Адистин айтымында, бул ыкманын негизги максаты — малдын асылдуулугун жогорулатуу жана эт, сүт багытындагы сапаттуу тукум алуу.
«100 баш жөнөкөй мал баккандан көрө, 5 баш асыл тукум мал багуу алда канча пайдалуу. Ошондуктан фермерлерге сапатка басым жасоону сунуштайбыз», - деп кошумчалады Тынымсеитов.
Мындан тышкары, райондо кой чарбасында да асылдандыруу иштери жүрүп жатат. Айрыкча, Арашан багытындагы койлор көбөйтүлүүдө. Апрель айында төл алуу башталып, анын жыйынтыгы боюнча жармаңке уюштурулмакчы.
Учурда Ат-Башыда жасалма уруктандыруу менен алектенген 20дай фермер бар.