Turmush — Жайыл районундагы жайма базарда Владимир Ильич Лениндин элеси түшүрүлгөн чоң көркөм барельеф (французча bas-relief – жалпак рельеф) көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
«Бул скульптура биринчи кезекте көлөмү менен өзгөчөлөндү — болжол менен 60x70 сантиметр. Лениндин элеси алюминий эритмесинен жасалган. Мындай жана ушуга окшош скульптуралык барельефтер СССРде XX кылымдын 60-80-жылдары массалык түрдө чыгарылган. Алар менен маданият үйлөрүнүн имараттарын, ири завод-фабрикалардын кире бериштерин, шаар аянттарын кооздошкон», — деди тарыхчы Максим Подгорный.
Ошол эле күнү барельефти келгендердин бири 2 миң сомго сатып алды.