Turmush — Бакай-Ата районундагы Табылгыты өзөгүндө тоо текелер жүрөт. Бул тууралуу жергиликтүү эгер Батыркан Кутманалиев билдирди.
Анын айтымында, болжол менен 150 метр аралыкта тоо эчкилеринин тобу көрүнгөн. Байкоо учурунда алардын жалпы саны 15-16 баштай экени белгиленген.
«Жылдан-жылга тоо эчкилеринин көбөйүп, жайлоолордо байкалып жатканы бизди сүйүндүрөт. Бул жаратылыштын байлыгы сакталып жатканынан кабар берет», - деди ал.