Turmush — Жалал-Абад облусунда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасы уюштурулду.
Turmush басылмасынын кабарчысы тактактаган маалымат боюнча, эки күнгө созулган билим таймашына облус боюнча бардык район-шаарлардан жалпы сынактардын негизинде 4528 окуучунун арасынан тандалып алынган 147 окуучу катышты. Катышуучулар 6 предметтен, тактап айтканда математика, география, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өз билимдерин сынашты.
Сыйлоо аземине президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад обустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Шайырбек Эргешов, окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер катышты.
Олимпиаданы уюштурууга жана байге фондуна президенттин облустагы өкүлүнүн резервдик фондунан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 1 миллион 50 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул каражаттын негизги бөлүгү жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана иш-чараны өткөрүүгө багытталган.
Салтанаттын жүрүшүндө олимпиаданын 18 жеңүүчүсүнө диплом, телефон, сыналгы жана планшеттер тапшырылды. Ага удаа эле алар Манас шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетине 100%, 50% жана 30%дык окуу акысына жеңилдик сертификаттарына ээ болушту.
Муну менен катар окуучулары алдыңкы орундарды камсыздаган 18 мугалимге дипломдор жана 15 миң, 10 миң жана 5 миң сомдук акчалай сыйлыктар ыйгарылды.