Turmush — Баткен районунун Согмен айылынын 45 жаштагы тургуну Махабат Дубанаева мындан 2 жылдан бери «Кызгалдак» тигүү цехин ачып иштетип келет. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.
Анын айтымында, цехте кызга сеп даярдап, окуучуларга окуу формаларын чыгарып, килем токуу сыяктуу кызматтарды аткарып жатышат. Алгач 8 кыз келин эмгектенсе, азыр туруктуу 5 аял жумуш аткарышат.
«2024-жылдын аягында атайын долбоорго катышып, тигүү машина менен камыз болдум. Өзүм да 2013-жылдан бери тигүүчүлүккө кызыгып, окуп иштеп тажрыйба топтоп калгандыктан, тигүү цехин ачтым. Бир жагы аялдардын экономикалык абалы жакшырса, экинчи жагы миграцияга кетпей балдарынын жанында жумуш аткарып жатышат. Ошол эле учурда биздин айыл шаардан бир топ эле алыс болгонлуктан мындагы кызматтарды жашоочулар шаарга барбай эле колдоно алышат. Азыр мектеп формаларын, кыздарга сеп, төшөк, парда, килем сыяктуу бардык түрлөрүндө иш аткарабыз. Төшөк каптайбыз. Кыз бергендер, бещик бергендер, той кыла тургандар алыс барбай баарын бизден бүтүрүп алышат. Анан башка жактан «крой» алдырып да көрдүк. Бирок андай кылсак бизге кымбат түшүп калат экен.
Азырынча элдин буйрутмаларынан бошобой жатабыз. Көп окууларга, долбоорлорго катыштым. Алгач өзүм тигип, кыскартуу ишин аткарып жүрдүм. Анан цех ачканга чейин атайын Лейлектен күчтүү чеберден сабак алып, тажрыйба арттырып анан ачтым. Алдыда дагы да кеңейтип, көп жумуш ордуларын түзсөм дейм. Жазында көйнөк шым, кемсел деген буюртмалар көп болот», - деди ал.
Чебер айым 2 уул, 2 кыздын апасы. Уул үйлөп, неберелердин чоң энеси.