Turmush — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери, капитан Адилет Өмүрбек уулу өрттөн сактануунун жолдору тууралуу айтып берди.
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы кышкы от жагуу мезгилинде өрт кырсыктарын алдын алууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.
Өрт коопсуздугу боюнча эрежелер
Өрт негизинен көпчүлүк учурда жеке менчик турак үйлөрдө катталат. Адамдардын өрткө шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусунан улам өрт кырсык катталат. Көп учурда өрттүн чыгышынын бирден бир себеби — от жагылуучу мештердин, морлордун эрежеге ылайык салынбаганы, морлордун өз убагында көөлөнбөгөнү, ыргытылып ташталган тамеки калдыгы же ширенке.
Мына ушундайлардын кесепетинен орду толгус кырсыктарга кабылып, үйлөрү, үй мүлкү күйүп, кээ бир учурда адам өлүмүнө дуушар болушууда. Ал эми ширенке же тамекинин калдыгынан чыккан өрт чоң кырсыктарга алып келип, турак жайларды гана эмес, экологиялык чыгымдарды да пайда кылат. Ошондуктан бул кырсыкты алдын алуу учүн от жагылуучу мештерди, морлорун өз убагында карап, электр зымдарын, жабдууларын адистерге көрсөтүп, балдарды кароосуз калтырбай, балдардын колдоруна ширенке бербей, күйүп турган ширенке менен тамекинин калдыгын жөн гана таштап салбастан, аларды өчүрүп ыргытуу абзел.
Ошондой эле өрт чыгуунун дагы бирден бир себепчиси — колго жасалган электр жылыткычтарын колдонуу, электр зымдарынын эскирип кетүүсү. Үтүк, жылыткычтарды электр түйүнүнөн ажыратпастан унутуп кетип калган учурлар да көп кездешет. Андыктан үйдөн чыгаарда электр жабдууларын текшерип, үйдө балдарды кароосуз калтырбай жөнөкөй өрт коопсуздук эрежелерин сактасак кырсыктардан алыс болоорубуз анык.
От жагуу мезгилине даярдык
От жагууда көмүр мештерин кышкы от жагууга даярдоо, морлорун тазалоо мешке от жагууда отту туура калап, оозун аба кире тургандай кылып ачык калтыруу керек. Мурунку үйлөрдө морду үйдүн ичине кирпичтин ичинен алып чыгышчу. Азыр темирден эле үйдүн сыртынан алып чыгып жатышат. Бул да кооптуу. Түнкү учурда бир мезгил болот, түн ортосунда аба муздаганда сырттагы аба ичине үйлөп чыгат. Ошондо ис үйдүн ичине кирет. Бул учур да эң коркунучтуу. Булардын алдын алуу боюнча электр приборлорун туура колдонуу, отту туура жагуу маанилүү.
Иске уулануудагы алгачкы жардам
Иске ууланган учурда бөлмөнүн ичинен жыт сезилсе, милдеттүү түрдө терезелерди ачып, абаны тазалоо зарыл. Эгер адам өзүн иске ууланганын сезип калса, дароо эшикке чыгуу керек жана тез жардам чакыруу талапка ылайык. Эгер ал эс-учунан кетип калган болсо, жабырлануучуну көмкөрөсүнөн жаткырбастан капталынан жаткырып дем алдыруу керек. Анткени көмкөрөсүнөн жаткан учурда адам кысылып калат.
«Сактансаң сактайм»
Облустун жалпы тургундарына өрткө каршы баардык чараларды көрүп, айрыкча мекеме-ишкана, мектеп, оорукана мына ушуга окшогон көптөгөн жайлар кыш мезгилинде сак болууларына эскертүүбере кетээр элек. «Сактансаң сактайм» дегендей, кайдыгер болбой өртко каршы бардык чараларды көрүү зарыл. Ал үчүн биз менен дайыма тыгыз байланышта болуп, башкаларга да түшүндүрүү иштерин жүргүзө билсеңиздер жакшы болоор эле.
Ал эми өрт чыккан учурда токтоосуз турдо өрт өчүрүү кызматкерлерин 101, 112 телефону аркылуу тез арада чакырып, алдын ала өрттөнүп жаткан имараттагы адамдарды эвакуациялап, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек. Өрт коопсуздугун сактоо эрежелери сиздин турак жайыныздын, мүлкүңүздүн өрттөнүп кетишин сактайт.