Turmush — 2025-жылы Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана элдин биргелешкен аракетинин натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо шартын көтөрүүгө багытталган иштер аткарылды. Жол, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, айыл чарба жана маданият тармактарында ишке ашкан долбоорлор аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алды.
Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү 9 айылда 4 миң 485 кожолук, 23 миң 647 адам жашайт.
| Мырза-аке айылы | 3090 кожолук |
| Адыр айылы | 414 кожолук |
| Бабыр айылы | 278 кожолук |
| Чечебай айылы | 115 кожолук |
| Кандава айылы | 195 кожолук |
| Таш-Башат айылы | 100 кожолук |
| Алтын-Булак айылы | 180 кожолук |
| Сасык-Булак айылы | 85 кожолук |
| Кара-Баткак айылы | 28 кожолук |
Айыл аймакта кыргыздар андан кийин өзбек, татар, түрк, тажик, казак жана башка улуттар ынтымактуу жашап келишүүдѳ.
Аймакта 8 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп,1 сырттан окуу мектеби, 1 жатак мектеп, 15 бала бакча, 3 айылдык маданият үйү, 1 филармония, 3 китепкана,1 аймактык оорукана жана 4 ФАП ишмердүүлүгүн жүргүзүүдѳ 2 менчик чакан футбол аянтчасы, 2 муниципалдык спорт аянтчасы, 4 спорттун ар түрү боюнча клубдар айыл аймактын калкына кызматын кылууда.
Мырза-Аке айыл ѳкмѳтүндө, ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономиканын ѳсүү темпи турукташып, негизи кѳрсѳткүчтѳр боюнча пландар ашыгы менен аткарылды
Мырза-Аке айыл аймагында тартылган инвестициялар
Жол курулушу жана оңдоо иштери:
- 2024-жылы 9,4 км жол асфальтталып, 1 км тротуар курулуп, 4 км ички чарбалык жол оңдолду.
- 2025-жылы 9,2 км жол асфальтталып, 1 км тротуар салынды, 10 км ички чарбалык жана жайыт жолдору оңдолду.
Фонддор жана демөөрчүлөр аркылуу тартылган каражаттар:
- 2024-жылы гранттардан, райондук өнүктүрүү фондунан жана демөөрчүлөрдөн акча каражаттары тартылып, БУУнун долбоору аркылуу азык-түлүк жардамдары берилди.
- 2025-жылы гранттар, фонддор жана демөөрчүлөр аркылуу ири көлөмдө каражат тартылып, азык-түлүк жардамдары көрсөтүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр колдоого алынды.
Социалдык объектилердин курулушу:
- 2024-жылы М.Нурбаев орто мектебин капиталдык оңдоого 39 млн сом бөлүндү.
- 2025-жылы мектептердин жаңы окуу корпустарына, спорт комплекстерине жана долбоордук иштерге жүз миллиондогон сом инвестиция багытталды.
Жалпы жыйынтык:
- 2024-жылы бардык тармактар боюнча тартылган инвестициянын көлөмү 583,2 млн сомду түздү.
- 2025-жылы (ноябрь айына карата) инвестициянын жалпы көлөмү 1 млрд 895,6 млн сомго жетти.
Аймактын архитектуралык жана социалдык-экономикалык инфраструктурасын заман талабына шайкеш келтирүү максатында айыл аймактын жаңыланган башкы планы даярдалып, жакынкы күндөрү бекитүүгө сунушталууда. Бул ишке жергиликтүү бюджеттен 14,5 млн сом бөлүндү.
Турак жайга муктаж 3800дөн ашуун жаранды камсыз кылуу үчүн муниципалдык жер бөлүнүп, президент Садыр Жапаровдун «Менин үйүм» программасынын алкагында 12 кабаттуу, 7 корпустуу, 564 батирден турган көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Долбоорго республикалык бюджеттен 1 млрд сом каражат каралган.
Инфраструктураны жакшыртуу багытында 2025-жылы республикалык бюджеттен 10 км жол асфальтталып, анын 6,5 км бөлүгү Алтын-Булак жана Кара-Баткак сыяктуу алыскы айылдарды камтыды.
Ошондой эле 2025-жыл Мырза-Аке аймагы үчүн курулуштардын жылы болуп, билим берүү тармагында ири объектилер салынууда. Көп жылдардан бери ийгиликтүү окуучуларды тарбиялап келген К.Раимбеков орто мектебинин жаңы имараты 370 млн 838,5 миң сомго, ал эми кооптуу шартта билим алып келген окуучулар үчүн Б.Монолов орто мектебинин курулушу 186 млн 131,6 миң сомго республикалык бюджеттен каржыланып, учурда кызуу жүрүп жатат.
Мырза-Аке, Кара-Шоро жана Салам-Алик айыл аймактарынын калкын камтыган, 52 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо тармагында маанилүү кадам жасалып, 60 койкалуу, заман талабына шайкеш жаңы оорукана курулуп, пайдаланууга берилди.
Аймактагы баштапкы медициналык жардамды жакшыртуу максатында Бабыр айылына эл аралык уюм тарабынан ФАП курулуп, учурда иштердин 90 пайызы аяктады. Курулушка уюм тарабынан 8 млн сом бөлүнүп, жакынкы күндөрү ишке берилери күтүлүүдө.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жаңылоо багытында бир катар иштер аткарылды. Бабыр муниципалдык балдар бакчасынын чатыры алмаштырылып, эшик-терезелери жаңыланды, айланасы асфальтталып, өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Адыр муниципалдык балдар бакчасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, темир тосмолор, түнкү жарыктар, балдар үчүн жайкы беседкалар орнотулуп, суу агызуучу арыктар заманбап латок арыктарга алмаштырылды.
«Санта-Эне» муниципалдык балдар бакчасынын сырты оңдолуп, балдарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында арка курулуп, тапан таш төшөлдү, сантехникалык иштер аткарылып, коопсуздук үчүн темир тосмолор жана түнкү жарыктар орнотулду.
Келечек муниципалдык балдар бакчасында жаңы ажатканалар курулуп, ички сантехникалык жабдуулар жана таза суу түтүктөрү толугу менен алмаштырылды, алдыңкы тосмолор архитектуралык нормаларга ылайык жылдырылды.
Мамат Нурбаев атындагы орто мектеп республикалык бюджеттен бөлүнгөн 39 млн сом каражаттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Мырза-Аке айыл аймагынын батыш тарабындагы Жазы дайрасынын жээгин бекемдөө боюнча республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп 300 метр жерге дамба курулду.
Мырза-Аке айыл аймагына караштуу Бабыр айылында сел коркунучу бар аймактагы мүрзө-жайды коргоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылуу жасалып, ӨКМ тарабынан 300 даана габион сетка бөлүнүп, техникалык колдоо көрсөтүлдү. Айыл элинин активдүү катышуусу менен 150 метр дамба курулуп, коопсуздук чаралары бекемделди.
Социалдык колдоо багытында айыл өкмөтү тарабынан долбоор жазылып, БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында 40 муктаж үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ар бир үй-бүлөгө 6 кап ун жана 15 литрден суу майы таратылып, жалпысынан 12 тонна ун жана 1104 литр суу майы элге жеткирилди.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, борбордук көчөлөрдө мектептер жайгашкандыгына байланыштуу тийиштүү органдардан уруксат алуу үчүн кайрылуулар даярдалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жол чырактар орнотулду. Бул иш-чаралар мектеп окуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун коргоого багытталды.
Ошондой эле Мырза-Аке айылынын борборунда жеке ишкер тарабынан соода борбор ачылып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, калкты тейлөөнүн сапаты жакшырды.
Калкты тейлөө пункттарынын саны:
- 172 Мунай куюучу станциялар - 3,
- Көмүр кендери - 4,
- Брекет - 1,
- Асфальт чыгаруучу ишкана - 1,
- Кирпичный завод - 1,
- Муниципалдыкишкана - 1.
- Кондитердик ишкана - 3,
- Чайхана - 2,
- Ресторан - 1,
- Кафе - 5,
- Эс алуу жайлары - 4,
- Микрокредиттик ишкана - 3,
- Банк кеңселери - 2,
- Дарыкана - 4,
- Вет аптека - 1,
- Магазин - 45,
- Мончо - 9,
- КДУ - 3,
- Пескоблок чыгаруучу ишкана - 2,
- Колцо битон - 1,
- Курулуш материалдар дүкөнү - 3,
- Унаа оңдоочу жай - 4,
- Дүкөн - 52
- Пиларама - 1,
- Ашканалар - 27,
- Булгарыдан бут кийим тигүчү цех - 1,
- Бассейн - 2,
- Тигүү цехи - 2,
- Касап-1,
- катталган ЖЧК - 2,
- сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана - 1.
Кайрылуулар менен иш алып баруу:
2025-жылдын январь айынан декабрь айына чейин Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жалпы 455 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бардык кайрылуулар каттоо журналына өз убагында катталып, жарандардын маселелери мыйзам чегинде каралып, жооптору берилди.
• 29 арыз — чек (жер) алуу боюнча, кезекке коюлуп, трансформация болгондо бөлүнүп берилери тууралуу түшүндүрмө берилди;
• 130 арыз — ар түрдүү маселелер боюнча;
• 296 оозеки кайрылуу — негизинен жарандарды жеке кабыл алуу, документтерге кол коюу жана кеңеш берүү багытында болду.
Айыл чарба жана мал чарбасы:
Мырза-Аке айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Аймакта 5658 га айыл чарба багытындагы жер бар. Айдоо жана жыйноо иштерине 77 трактор, 3 комбайн жана башка техникалар тартылып, жазгы жана күзгү талаа жумуштары үзгүлтүксүз жүргүзүлдү.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ВПП ООН долбоорунун алкагында 189 га жерге күздүк дан эгүү пландалып, анын ичинен 30 га жерге социалдык жактан муктаж жарандар үчүн күздүк буудай инновациялык ыкма менен эгилди.
2025-жылы айыл чарба көрсөткүчтөрү:
• Жалпы 1960 га кылкандуу дан эгиндери эгилди;
• Буудай — 545 га, арпа — 1000 га, шалы — 65 га;
• Жүгөрү — 350 га;
• Картошка — 40 га, жашылча — 20 га;
• 1200 га тоют чабылып, коромжусуз жыйналып алынды.
Ветеринария жана мал чарбасы:
Мырза-Аке айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бодо малдарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча жергиликтүү жаш адис даярдалып, асеминатордук пункт куруу үчүн жер тилкеси такталууда. Аймакта малдын саны өсүүдө.
Эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, ит-мышыктарга каршы чаралар көрүлдү, мал жандыктары негизги жугуштуу ооруларга каршы толук эмдөөдөн өткөрүлдү. Малдарды биркалоо жана жылкыларды чиптөө иштери да системалуу уланууда.
Аймакта 6080 баш бодо мал, 24 796 баш кой-эчки жана 2442 баш жылкы катталган. Бруцеллёзго текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган учурлар ветеринардык эрежелерге ылайык жоюлду. Бардык ветеринардык кызматтарды 4 ветеринардык сервис көрсөтүп жатат.
Дегельминтизация жана коопсуздук:
Иттер кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүлүп, эхинококкко каршы дары-дармектер берилди, сел жана жугуштуу оорулардын очоктору залалсыздандырылды.
Иригация иштери:
Айыл аймагындагы суу тармактарын жакшыртуу максатында 7620 метр арык-каналдар казылып жана тазаланды, бул айдоо жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртты.
Жайыттарды калыбына келтирүү:
Деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү үчүн министрлик жана район тарабынан берилген чөп үрөндөрү себилүүдө. Жалпы 159 га жерге себүү пландалып, анын бир бөлүгүнө көп жылдык чөптөр эгилди. Калган аймактарда иштер 2026-жылдын жаз айларында улантылат.
Электр энергиясы менен камсыздоо:
Мырза-Аке айыл аймагында бюджеттен каржылануучу 8 мектеп, 11 бала бакча, 3 китепкана жана көчө жарыктары электр энергиясы менен туруктуу камсыздалып турат. Электр эсептегичтер мөөнөтүнө жараша жаңыланып жатат.
2025-жылы бюджеттик мекемелер тарабынан 700 миң 630 кВт/саат электр энергиясы пайдаланылып, анын жалпы суммасы 705 миң 357 сом 03 тыйынды түздү. Жыл жыйынтыгы менен бюджеттик мекемелердин электр энергиясы боюнча карызы толугу менен жабылды. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен түнкү көчө жарыктары мүмкүнчүлүккө жараша алмаштырылды.
Социалдык тармак жана саламаттыкты сактоо:
Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун жана буйруктарын аткаруунун алкагында, Мырза-Аке айыл өкмөтүндө «Ден соолук» улуттук программасы системалуу ишке ашырылууда. Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, кургак учук менен ооруган жарандарга жылына бир жолу дары-дармек сатып алуу үчүн 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 20 жаран кургак учук оорусу менен каттоодо турат жана аларга мыйзам чегинде социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.
Спорттук иш-чаралар:
2025-жылы Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан жаштарды жана спортту колдоо максатында волейбол, футбол, шахмат жана башка спорт түрлөрү боюнча райондук, облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн акчалай каражаттар бөлүндү. Каражаттар негизинен жол акысы, тамак-аш, катышуу төлөмдөрү жана уюштуруучулук чыгымдарга багытталды.
Атап айтканда, мектеп окуучуларынын волейбол боюнча лигаларга жана турнирлерге катышуусу, 14–16 жаштагы өспүрүмдөрдүн футбол боюнча регионалдык жана райондор аралык оюндарга баруусу, ардагерлер арасында кичи футбол мелдешин өткөрүү, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык мелдештерге жана спартакиадаларга катышуу үчүн каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, айыл өкмөтүнүн биринчилигин өткөрүүгө, мугалимдердин жана спортчулардын облустук кубокторго катышуусуна да каражат каралды.
Билим берүү тармагы:
2025-жылы предметтик олимпиадаларга жана маданий иш-чараларга катышуу үчүн Ош шаарына жана Талас облусуна чыккан окуучуларга жана мектептерге жалпы 235 000 сом акча каражаты бөлүндү. Бул каражаттар жол акысы, тамак-аш, даярдык жана уюштуруучулук чыгымдарды жабууга багытталды.
Коомдук жана социалдык иш-чаралар:
• Карыялар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 90 жаштан жогору карыялар сыйланды.
• 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата каттоодо турган 9 бейтапка ар бирине 3000 сомдон, жалпысынан 27 миң сом берилди (купуялуулук сакталды).
• Президентибиздин мыйзамынын алкагында Аталар жана Энелер күнүнө карата коомго эмгек сиңирген ата-энелерге арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.
• Энелер күнүнө карата 28-майда 168 энеге сый тамак жана баалуу белектер тапшырылды.
• 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата мектепке чейинки мекемелердеги балдарга 72 миң 880 сомдук шириндиктер таратылды.
• Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада тыл эмгекчилерине 5000 сомдон акчалай сыйлык жана белектер берилди.
Мырза-Аке айыл аймагында 2024–2025-окуу жылы ийгиликтүү жыйынтыкталып, 25-май күнү “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземдери бардык жалпы билим берүү мекемелеринде жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
2024-2025-окуу жылынын көрсөткүчтөрү:
• 9-классты 1675 окуучу,
• 11-классты 2250 окуучу бүтүрдү.
Олимпиадаларга катышуу:
• Райондук — 48 окуучу,
• Облустук — 10 окуучу,
• Республикалык — 2 окуучу.
ЖРТ жыйынтыгы боюнча:
• 11-классты бүтүргөн 390 окуучунун 363ү ЖРТге катышып, 210 окуучу босого баллдан өттү.
Айрыкча К.Раимбеков атындагы орто мектептин окуучулары жогорку жетишкендиктерге жетишип, «Кызыл аттестат» менен бүтүргөндөрдүн саны артып, мектептин педагогикалык жамааты инновациялык окутуу ыкмалары аркылуу окуу жылын ийгиликтүү аяктады.
Мырза-Аке айыл аймагында социалдык колдоо, маданий өнүгүү жана коомдук тартипти чыңдоо багытында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө, Мугалимдер күнүнө жана 3-декабрь –Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата тиешелүү катмардагы жарандарга белектер тапшырылды.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында долбоор алкагында 20 га жер бөлүнүп, акысыз иштетилип, түшүм жыйналгандан кийин 28 кожолукка 100 кг ун таратылды. Коммуналдык ишкананын тазалык кызматкерлерине кышкы атайын кызматтык кийимдер алынып берилди. Жумасына 2 күн тамак-аш менен колдоо ишкерлер тарабынан чечилди.
Маданият тармагында М.Оморов атындагы элдик филармониянын музыкалык жабдуулары жаңыланып, 2025-жылы чыгаан интеллектуал инсан Мамат Оморовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара жана айкелдин ачылыш аземи өткөрүлдү.
Коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Алтын-Булак айылындагы кызыл сызыктан чыккан тосмолор иретке келтирилди. Милдеттүү турак жайды камсыздандыруу боюнча 1500 үйдүн 1397си камсыздандырылды. Республикада пилоттук негизде ваучердик тайпа ишке киргизилип, 25 турмуш шарты оор үй-бүлөнүн балдары бала бакчага акысыз кабыл алынды.
Мырза-Аке айыл аймагы боюнча көмүр кендери менен түзүлгөн келишимдин негизинде жарандарга арзан баада көмүр таркатылды.