Turmush — Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтү «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» аталып, 1 млн сом менен сыйланды.
Садыр Жапаров «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Сынактын байге фонду 6 млн сомду түзгөн. Жыйынтык чыгаруу үчүн райондук жана облустук деңгээлде комиссия түзүлгөн.
Айыл өкмөттөр 2 тайпага бөлүнгөн. 2-тайпада 2-орунду Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтү ээледи.
Аталган айыл өкмөттү Улукбек Жээнбаев 2021-жылдын 17-июнунан тартып жетектеп келет.
Жыл ичинде айыл өкмөттөгү жолдор оңдолуп, социалдык объекттер курулуп, айыл эли таза суу менен камсыз болушту. Заман талабына ылайык аялдамалар салынып, айыл элинин жашоо шарты жакшырды.
Жылалды айыл өкмөтүндө өткөн жылга салыштырмалуу экономиканын өсүү темпи турукташып, бир топ жетишкендиктерге жетишти.
Айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларында белгиленген милдеттерди жана реалдуу сектордун активдүүлүгүн жандандырууну камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылды.
Айыл чарбасы
Айыл өкмөтүндө айыл чарба өсүмдүктөрүн агротехникалык эрежелерди сактоо менен өз мөөнөтүндө айдап-себүү уюшкандыкта өткөрүлдү. Жазгы айдап-себүү иштерине айылдардын дыйкандары керектүү үрөн менен өз убагында жетишерлик камсыз болгон. Жаздык буудай 347 га, арпа 365 га же 5-тонна, жүгөрү 318 га же 7,7- тонна, шалы 391 га же 19,2 тонна, картошка 48 га же 24 тонна, май өсүмдүктөрү 29 га же 19,9 тонна, жашылча 75 га үрөндөрү быйылкы жылдын түшүмүнө эгүүгө даярдалып эгилди.
2022-жылдын жазгы талаа эгиндерге минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда 986 тонна, анын ичинен азот 493 тонна, фасфор 332 тонна, калий 158 тонна керектелсе, райондун аймагындагы минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуучу фирмаларынын дүкөндөрүнөн сатып алып келишти.
2022-жылдын түшүмү үчүн айыл өкмөтү боюнча 371 га күздүк эгилген. Анын ичинен буудай 356 га, арпа 15 га эгилди.
Айыл өкмөтүндө 53 даана трактор бирдиги катталган. Анын ичинен 53 даанасы катардагы оңдоо иштеринен өткөрүлүп, жазгы талаа иштерине катталган тракторлордун ичинен 100% даяр. Ошондой эле 53 даана кош, 28 даана мала, 2 даана сеялка, 1 даана планировка, 2 даана культиватор, 1 даана арык казгычтар жазгы талаа иштеринде иштеди.
Айыл өкмөтү боюнча 92 тонна дизелдик отун, 4,1 дизелдик май, 41 тонна бензин, 1,6 тонна автолдор керектелет. Күйүүчү майлоочу материалдар менен камсыздоо өз учурда жүргүзүлүп, айыл өкмөтү боюнча алып караганда дизелдик отун 100 % га, дизель май 100 % га, бензин 100 % га, 100 % га , автол 100 % га берилген планга карата даярдалган. Айдап-себүүнүн жүрүшүндө агротехникалар райондун аймагындагы май куюуучу станциялар аркылуу камсыздалып, айдап-себүү иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлдү.
2022-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн өздөрүнүн техникаларынын жардамы менен Кара-Жыгач каналы, 3 чакырымы тазаланып,141350 миң сом акча каражаты сарпталган. Суу пайдалануучулар келишим боюнча суу акыларын төлөп келишүүдө.
Жылалды айыл өкмөтүндө сугат аянттарына жана кайрак аянттарына 315 га күздүк буудай жаздык буудай 340 га жана жаздык арпа 352 га жерге айдап себилген. Жалпы кылкандуу дан эгиндердин аянты 1007 га жерди түзөт.
Кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгүнө кызуу даярдык көрүлүп, графикте көрсөтүлгөн оптималдуу мөөнөттө оруп-жыйноо жумуштары бүткөрүлдү.
Россия Федерациясынан алынып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн, «Кара-Балык» сортундагы 1-репродукциядагы «Супер элита» буудай үрөнү жана «Дарья» сортундагы «Супер элита» арпа үрөнү «Айыл-Банк» аркылуу жеңилдетилген насыяга Жылалды айыл өкмөтүнүн дыйкандарына берилген. Жалпы 16 миң 50 кг буудай үрөнү берилген жана 60,0 га жер аянтына себилген «Дарья» сортундагы арпа үрөнү 13 миң 740 кг алынган жана 58,0 га жер аянтына себилген.
Ушул эгилген кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү боюнча жалпы эгилген 655 га буудайдын түшүмү 1632 тонна болду жана орточо түшүмдүүлүк 26 центнерди түздү. 352 га арпанын түшүмү 951 тоннаны түзүп, жана орточо түшүмдүүлүк 25 центнерди түздү. Жалпы кылкандуу дан эгиндин түшүмү 2583 тонна болсо, орточо түшүмдүүлүк 24 центнерди түздү. 300 га жүгөрү 1815 тонна, орточо түшүмдүүлүк 60,5 центнерди түздү. 403 га шалы 1410 тонна, 35,0 орточо түшүмдүүлүк центнерди түздү. 35 га совлёр 37,4 тонна, 10,7 орточо түшүмдүүлүк центнерди түздү. 40 га картошка 602 тонна, 151,0 орточо түшүмдүүлүк центнерди түздү. 70 га жашылча 1 миң 123 тонна, 161 орточо түшүмдүүлүк центнерди түздү. Табигый чөп 1 миң 492 га, 2 миң 984 тонна болсо, орточо түшүмдүүлүк 20 центнерди түздү. Мөмө-жемиш 9 га, 45 тонна болсо, орточо түшүмдүүлүк ,52 центнерди түздү. Көп жылдык чөп 1 миң 210 га, 3 миң 630 тонна болсо, орточо түшүмдүүлүк 33 центнерди түздү.
Оруп-жыйноо өнөктүгүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугун сактоо максатында дан оруучу комбайндардын ар биринде искрогасителдер менен камсыз болушуна шарттар түзүлүп, көзөмөлгө алынды.
Башка облус-райондордо дан оруу өнөктүгү сапаттуу кыска мөөнөттүн ичинде өткөрүп аяктоо үчүн кошумча айыл-чарба техникаларды (комбайндарды) тартып келүү жумуштары жүргүзүлдү. Кошумча 5 комбайн келди.
Турак жай муктаждыгы чечилүү алдында турат.
Жылалды айыл өкмөтүндө турак жай салуу үчүн муктаж болгон атуулдардын арызын канаттандыруу максатында кайрак айдоо жана жайыт жерлердин 40 гектар жер аянты трансформацияга даярдалып жатат.
Жеринде жер аянтынын контурлары менен көрсөтүлүп, картографиялык чиймелери менен көргөзүлүп такталды.
Ош облустук шаар курулуш башкармалыгынын адистери менен биргеликте иш-алып барып, 40,0 гектар жер аянтынын фотосъемкалык чиймелери алынып, толугу менен бүткөрүлдү.
Мыйзамсыз өзүм билемдик менен курулуп жаткан турак жай ээлерине эскертүү берилип, ордунда барып токтотулуп жатат. Айыл аймагынын калктуу конушунун ичиндеги ички жолдорду кенейтүү иштери алып барылды.
Инвесторлорду тартуу жолу менен жумуш орундары камсыз болгон чакан ишканалардын так саны алынып, инвертазация жүргүзүлдү.
Мал чарбасы
Мал чарбасы боюнча айыл өкмөтүндө 2022-жылдын 1-январына карата 2650-баш кара мал, 5020 кой жана эчки, 730 баш жылкы, 4960 үй канаттуулары жана 201 ит катталган.
Жан-жаныбарларга өз убагында кам көрүлүп, чип басылып, ар кандай ылаңдарга карата эмдөө жүргүзүлгөн.
Арам өлгөн мал-жандыктарды жана аталган ит-мышыктарды көмүү боюнча атайын Беккари чуңкурун куруу үчүн айыл өкмөт тарабынан жер участкасы бөлүнүп берилген.
Эхинококкоз жана альвеококкоз оорусун алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бугүнкү күндө эпизоотиялык абал туруктуу. Ветеринардык сервистин адистери эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө иш алып барууда.
Салык белгиленген ченден көп жыйналды.
Айыл аймактын экономикасын турукташтыруу, салык жыйноо иштеринин деңгээлин жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын негизинде 2022- жылдын 11 айына карата салык жыйноонун райондук салык кызматы тарабынан жеткирилген план 6636,6 болсо, аныгында 8395,0 сом топтолуп, 126,4 пайызга, тактап айтканда 1758,7 пайызга ашыгы менен аткарылды. Ал эми 2022-жылдын 12 айына карата берилген салык планы толугу менен аткарылат.
Социалдык абал боюнча:
Мамлекеттик жөлөк пул боюнча 2022-жылдын 11 айына карата 329 үй-бүлөгө жөлөк пул чегерилген. Социалдык жөлөк пул алуучулардын түрү боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 44, ВИЧ-СПИД оорусу менен ооруган балдардын саны 5, томолой жетим балдардын саны 4.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы «Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндөгү» № 795 токтомуна ылайык, 2022-жылдын 11 айына карата категориялар боюнча атуулдар акчалай компенсацияларын алып келишүүдө. Бул категориялар боюнча ай сайын акчалай компенсациялар байланыш бөлүмдөрү жана банктар аркылуу төлөнүп келүүдө. Бир айга пенсия2480,0 сом, жөлөк пул 535,0 миң сом берилет.
- 15-февраль — Ооган согушунун эскерүү күнүнө 20миң сом;
- 8-март — Айымдардын Эл аралык күнүнө 110 миң сом;
- 21-Март — Нооруз майрамы күнүнө 80 миң сом;
- Жалгыз бой 2 энеге 3 миң сом;
- Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8 адамга 15 миң сом;
- Аз камсыз болгон 8 үй-бүлөгө 25 миң сом;
- Ата-энесинен ажыраган 2 балага 2 миң сом;
- Кургак учук оорусу менен жабыркаган 10 адамга 17 миң 300 сом;
- Алынган иммундук жетишсиздик синдрому (СПИД) менен жабыркаган 5 адамга 15 миң сом;
- Чернобыль апаатынын 1 ардагерине 5 миң сом;
- Билим берүү мекемесине жардам катары 20 миң сом;
- Фельдшердик-акушердик пунктка жардам иретинде 20 миң сом;
Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 255 миң сом бөлүнүп, аз камсыз болгон 160 үй-бүлөгө 200 килограмм көмүр отуну берилди.
Жалпы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 567 миң 300 сом социалдык жардамдар берилди.
Мындан сырткары президенттин жарлыгынын негизинде 4 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жөлөк пулдар берилип, азыркы тапта аларга такай көзөмөл жүргүзүлүп жатат.
Кылмыштуулук боюнча:
Б.Нурматов атындагы Жазы аймактык милиция бөлүмүнүн Жылалды аймагын тейлеген штаттык бирдик боюнча 3 кызматкер эмгектенет. 2022-жылдын 10 айында тейлеген аймакта Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына баары болуп 60 материал катталган. Анын ичинен Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине 22 сотко чейин өндүрүштөгү кылмыш иштери катталып, сотко чейинки өндүрүштөгү иштердин 38 кылмыш иши өндүрүштөн реаблитациялануучу болуп кыскартылган. Тактап айтканда 38 кылмыш иши алынып салынган. Бардык кылмыш иштин бети ачылган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде 110 протокол түзүлгөн. Бул түзүлгөн кылмыш иштери боюнча протоколдор боюнча айып пул салынып, эскертүүлөр берилди.
Балдар менен иштөө инспекциясынын 2022-жылдын 11 ай ичинде 1 кылмыш иши катталып, кийин кыскартылган. 1 жаш өспүрүм профилактикалык каттоодо турат. Ал эми жаштар арасында суицид фактысы боюнча катталган жок.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө» мыйзамын аткаруу боюнча 2022-жыл 11 ай ичинде бир топ иштер аткарылды. Түшүндүрүү иштери ар бир айылдын айыл башчылары менен жүргүзүлүүдө. Жылалды айылынан 1 үй-бүлө катталып, КААБ комиссиялары менен чогуу, бул иш оң жагына чечилди.
Дин боюнча:
Айыл аймактарда мыйзам чегинде тыюу салынган диний агымдардын ишмердүүлүгүн такай көзөмөлгө алып, иликтеп, мечиттердин имамдары менен биргеликте айыл башчылар, социалдык адистер диний көз караштарга анализ жүргүзүшүүдө. Диний мекемелердин жана анын кызматкерлеринин үстүнөн ыкчам көзөмөл иштери күчөтүлүп жүргүзүлүп турат. Айыл аймагында 7 мечит бар.
Жылалды айыл өкмөтүндө ички жана тышкы инвестиция тартуу боюнча тогуз ай ичинде төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
Сырткы инвестиция тартуу боюнча:
Сырткы инвестиция тартууда Красный-Маяк айылынын Калмамат ажы Назарбеков жана Балтабаев Мамашарип көчөлөрүндөгү 27 кожолукка «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан таза суу чыгарылды — 280 миң сом.
Мындын тышкары Жылалды айылынын М.Кабылов көчөсүндөгү 17 кожолукка «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан таза суу чыгарылды — 230 миң сом.
Прогресс айылынын №10 көчөсүнө «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан таза суу чыгарылды — 270 миң сом.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул иштер аткарылды:
Красный-Маяк айылынын негизги көчөсүнүн жээгинен арык казылды — 2,2 метр, 132 миң сом;
Жылалды айылынын А.Эсеналиев көчөсүнүн чукур мааласына таза суу чыгаруу үчүн арык казып, түтүк көмүлдү — 311 метр, 18,7 миң сом;
Кальта айылынын негизги көчөсүнөн 1 миң 836 метр жана Ж.Абжапаров мектебин агын суулардан коргоо үчүн үстүнөн арык казылды — 119,2 миң сом;
Бото-Мойнок айылынын негизги көчөсүнөн ылдый каналга чейин арык казылды — 133 метр, 14 миң сом;
Айыл өкмөтүнүн борбордук имаратына бирдиктүү терезе жана эмеректер алынды — 236 миң сом;
Жылалды айылынын Кабылов көчөсүнө 60 рейс шагыл төгүлүп тегизделди — 120 миң сом;
Жылалды айылынын Чангет мааласинин мечиттин аркасындагы жолго 20 рейс шагыл төгүлдү — 30 миң сом;
Бото-Мойнок айылынын ички көчөлөрүнө шагы төгүлдү — 58 рейс, 146 миң сом;
Кальта айылындагы суу кампасынын айланасы тосулду — 10 миң сом;
Жылалды айыл өкмөтүнүн көмүрканаасы, дааратканасы, от жагуучу жайы жаңыдан курулду .
Айыл эли да өз жардамдарын берип, айыл өкмөттүн өнүгүүсүнө салым кошушту. Алар:
Жылалды айылынын Ж.Кабылов көчөсүнө шагыл төгүлүп жана тегизделди. Айыл жаштарынын (уюштуруучу Сапарбеков Алым) салымы — 300 миң сом;
Жылалды айылынын кире беришине арка курулду. Жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 290 миң сом берилди;
Красный-Маяк айылынын айыл тургундары тарабынан Орозбаев Маматахунга үч бөлмөлүү жеке менчик турак жай салып беришти.
Жеке ишкерлер тарабынан колдоо:
Прогресс айылынын ички бир көчөсүнө 16 электр мамысына прожектор орнотулду. 25 рейс шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Умарав Марат, 110 миң сом;
Прогресс айылынын ички көчөсүнө 72 рейс шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Касымбеков Кыял, 200 миң сом;
Прогресс айылына аялдама курулду. Жеке ишкер Алымбаев Самат, 150 миң сом;
Жылалды айылына аялдама курулду. Жеке ишкер Өмүрбек Базарбаев, 150 миң сом;
Прогресс айылына «Зам-Зам» кафеси курулду. Жеке ишкер Пирматов Нурмамат, 8 млн сом;
Красный-Маяк айылына спорт комплекс курулууда. Жеке ишкер Улук Маматов, 18 млн сом;
Жылалды айылына жашылча мөмө-жемиштерди сактоочу жай (логистикалык борбор) курулууда. Жеке ишкер Асылбеков Нышан, 4 млн 500 миң сом;
Жылалды айылынын кире беришине жана чыга беришине темирден жасалган көрнөк-жарнак эки жерге орнотулду. Жеке ишкер Маматов Улукбек, 185 миң сом;
Прогресс айылына калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында жеке ишкер Караева Карамат тарабынан «Раяна» маркети курулду — 5 млн 300 миң сом;
Прогресс айылына автоунаа жуучу жай курулду. Жеке ишкер Бекиева Анара, 630 миң сом;
Прогресс айылынын 35-көчөсүнө шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Пратов Эрнист, 68 миң сом;
Прогресс айылынын Нышанов Рахман көчөсүнө шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Нышанов Бусара, 40 миң сом;
Прогресс айылынын 6-көчөсүнө шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Калыбаев, 47,6 миң сом;
Прогресс айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүлүп тегизделди. Жеке ишкер Сулайманов Кыяз, 25 миң сом;
Жылалды айылынын Ж.Кабылов көчөсүнө жеке ишкер Акназаров Улан тарабынан таза суу чыгарылып берилди — 230 миң сом;
Прогресс айылына автоунаа жуучу заманбап жай курулду. Жеке ишкер Мамыков Самат, 5 млн сом;
Кальта айылына Мусаева Орункандын үй-бүлөсү айыл тургундары үчүн заманбап аялдама куруп беришти — 100,0 миң сом;
Санариптештирүү:
Бардык чарба китептерин санариптик каттоого киргизген учурда:
Кожолуктан — 2121 кожолук, 87,5 %ды түздү;
Калктын саны — 9750 калк киргизилди, 82,4%ды түздү.
Калган айыл тургундардын турак жайынын мамлекеттик акт боюнча каттоо китептери жок санарипке киргизилген жок. Азыркы учурда бардык аппарат кызматкерлери ар бир үйгө кирип, каттоо жүргүзүп жатышат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Жарандардын арыздарын каттоо боюнча 2022-жылдын 9 айына карата 450 арыз келип түшүп, жообу берилди Анын ичинен:
380 арыз — жеке менчик үй курууга жер участок алуучулардын катар тизмесине катталуу үчүн;
12 ары з— жеке менчик үй курууга өзүнүн пайдаланып жүргөн огородунун эсебинен жер участок алуу үчүн;
14 арыз — эмгек өргүүгө чыгуу;
22 арыз — материалдык жардам берүү жөнүндө;
3 арыз — ишке кабыл алуу жөнүндө;
19 арыз — ар түрдүү маселелер жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн аймагында алты айыл бар, 2 миң 449 кожолукта 12 миң 12 калк жашайт.