Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.12.2014 10:19

Өзгөн районунда бийиктиги 1-1,2 метрге жеткен кар жаап, ички чарбалык жолдор жабылды

Turmush -  Өзгөн районунда ушул жылдын 7-8-декабрында жааган кардын кесепетинен Ийри-Суу айыл аймагынын Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 15-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кардын бийиктиги 1-1,2 метрге жеткен. Унаа жолу айыл аймагынын балансында турат.

Учурда жол каттамы жоктугуна байланыштуу электр өткөргүчтөрдү жана жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×