Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 11.12.2014 15:20

Өзгөн районунда ооруканага жаткырылган байтаптардын саны 179га кыскарган

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда оорулуулардын саны бир жыл ичинде 179га кыскарган.Бул тууралуу Өзгөн аймактык орууканасынын башкы дарыгери Сатар Жунусов билдирди.

Анын айтымында, оорулуулар жылдан жылга кыскарууда.

«Бизде оорулуулар жыл өткөн сайын кыскарууда. Бул жакшы көрсөткүч. Өзгөн райондук ооруканасына 2013-жылы 12 миң 929 оорулуу жатса, 2014-жылы 12 миң 750 адам кайрылган. Азыркы учурда күндөн-күнгө кыскарууда. Бул медицина кызматкерлеринин жакшы иштеп жатканынан кабар берет», - дейт С.Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×