Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
БаракелдеӨзгөн району, Бишкек 11.12.2014 10:09

Өзгөн районунун Орказган айылына барууга жол каттамы жоктугуна байланыштуу үзүлгөн электр өткөргүчтөрү калыбына келтирилбей турат

Turmush -  Өзгөн районунда 2014-жылдын 24-25-ноябрында жааган кардын кесепетинен унаа жана жөө жол каттамы токтоп калган, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүм башчысы улук лейтенант Н.Кулмаматовдун берген маалыматы боюнча, Ийри-Суу айыл аймагынын Орказган айылына баруучу ички чарбалык жол жабылып калган. Кардын бийиктиги 1-1,2 метрге жеткен. Жалпы жолдун узундугу 20 чакырымды түзөт.

Жолду тазалоо айыл аймактын аймагындагы жеке менчик бульдозер менен жүргүзүп жаткан, 7-декабрь күнү борошолоп жааган кардан тазаланган жол кайрадан кар күрткүсүнө толуп, анын кесепетинен бульдозер орто жолдо калып калган. Азыркы учурда жол каттамы жоктугуна байланыштуу үзүлгөн электр өткөргүчтөрү калыбына келтирилбей турат.

ӨКМ басма сөз кызматы кошумчалагандай, учурда кошумча техника жөнөтүү маселеси каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×