Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 08.12.2014 13:12

Өзгөн районунда окуучулар өз каражаттарына куурчак театрын ачышууда

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө эски Парковка айылындагы Мамасалы Тешебаев мектебинин окуучулары тарабынан ачылган куурчак театрынын бет ачаары 9-декабрда болот. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган мектептин окуучулары буга чейин район аймагындагы мектептерге барып, куурчак спектаклдерин коюшуп каражат топтошкон.

«Окуучулар өздөрү акча таап, куурчак театрын ачышты. Мындан тышкары, долбоор жазышып, акча каражат да бөлүнүп берилди. Эми мектебибизге жардам кылышууда», - дейт мектеп директору Акматбек Аширов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×