Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
БаракелдеӨзгөн району, Бишкек 05.12.2014 13:04

Өзгөн районунуда адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Ушул жылдын 20-ноябрь күнү болжол менен саат 00:30дар чамасында Мырза-Аке айылынын Курманжан-Датка көчөсүндө, ошол айылдын тургуну 1971-жылы туулган Алибаева Зулпияны белгисиз автоунаа койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен З.Алибаева окуя болгон жерде каза болгон. Топтолгон материалдын негизинде Өзгөн РИИБи тарабынан КР Кылмыш-Жаза кодексинин 121-беренесинин 2-б, жана 281-беренесинин2-б, негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында ушул жылдын 3-декабрь күнү белгисиз айдоочу такталып кармалды.

«Мерседес-Бенс-600» үлгүсүндөгү автоунаа менен жаранды койдуруп өмүрүн коркунучта калтырып качып кеткен айдоочу Өзгөн районунун жашоочусу 1984-жылы туулган Эргешбаев Стал Эргешбаевич учурда Өзгөн РИИБде сурак берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×