Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 01.12.2014 09:46

Өзгөн шаарында турак үйдүн бөлмөсүндө үй буюмдары күйдү

Turmush -  Өзгөн районунун Өзгөн шаарында Жаныбек казы көчөсү-3 дарегинде жайгашкан ээси Н.Мамазакировага тийиштүү турак үйдүн бөлмөсүнөн өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 1-декабрда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 20 чарчы метр бөлмөдө сыналгы, төшөнчү, диван, килем, эшик, терезе күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×