Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 27.11.2014 17:35

ЖК депутаты Өзгөндөгү Сары-Таш карьери сарамжалсыз иштетилүүдө, деп эсептейт

Turmush -  ЖК депутаты Абдимуктар Маматов Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Сары-Таш карьериндеги абал тууралуу билдирди.

Ал бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдагандай, Сары-Ташта 15тей фирма иштейт. Карьер өтө сарамжалсыз иштетилүүдө. Таштарды ирээти жок иштетүүдөн улам кокту-колоттун баары ташка толгон. Андан улам, жайыттар кыскарууда. Экологиялык абал көзөмөлсүз калган.

Мындай маалыматтарды айткан депутат, экологияны коргоо жаатындагы органдарга тапшырма берүүнү сунуштады.

Ошондой эле, депутаттын айтымында, аталган фирмалардын оор жүк ташуучу автоунаалары жолдорду бузуп, андан улам жолго жакын үйлөрдөн жарака кетип, байма бай өткөн унаалардан чаң сапырылып, түшүмгө да таасир этүүдө.

Жол боюндагы мектеп менен ФАПтар чаңга көмүлүп иш алпарууда, деди ал.

А.Маматов, жок дегенде калктуу пункттар жайгашкан аймактарга асфальт төшөө зарылдыгын кошумчалады.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×