Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 20.11.2014 12:19

Өзгөндүн Жазы аймактык паспорт, виза жана каттоо иштери боюнча калкты тейлөө пунктунун кызматкери пара алып жатып кармалды

Turmush -  Өзгөн районунун Жазы аймактык паспорт, виза жана каттоо иштери боюнча калкты тейлөө пунктунун кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Өзгөн районунун Жазы аймактык паспорт, виза жана каттоо иштери боюнча калкты тейлөө пунктунун кызматкери 1969-жылы туулган Ж.Н., кызматтык бөлмөсүндө 6000 сом пара алып жаткан учурда кармалды.

Учурда пара талап кылуу боюнча кылмыш иши козголуп, текшеруу иштери жүрүүдө. Ал Өзгөн районунун тургуну 1991-жылы туулган М.у.А., аттуу жаранга жарандык паспортун алып беруу учун 6000 сом пара талап кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×