Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 19.11.2014 15:07

Фото - Кыргызстандын эпископу Владыка Даниил Өзгөндөгү чакан чиркөөнүн курулушу менен таанышты

Turmush -  Ош шаарынын Өзгөн шаарында 15-ноябрда мусулман жана христиан көрүстөндөрүндө метал тосмолордун, кароолокананын жана чакан чиркөөнүн курулушуна Кыргызстандын эпископу Владыка Даниил жана Ош аймагы боюнча протоиерей Виктор Реймген жана башка чиркөө кызматкерлери барды. Бул тууралуу шаардын администрациясынан маалымдашты.

Маалымдалгандай, эпископ Даниил курулуштардын жүрүшү менен таанышып, шаар мэринин христиан дининин өкүлдөрүнө көңүл бургандыгы жана каржылык жардамы үчүн ыраазычылыгын жолдоду.

Иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри М.Тайлаков, мэрдин коомдук кеңешчиси, «Шериктештик» коомдук бирикмесинин жетекчиси Б.Тучин, «Пайзават» кварталдык комитетинин жетекчиси М.Комилжанов, жана башкалар катышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×