Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.11.2014 09:26

Өзгөн районунда жол кырсыгынан 1 айдоочу каза болуп, 1 жүргүнчү ооруканага жеткирилди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы Ана-Кызыл айылында кечээ, 17-ноябрда саат 12:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 575-чакырымында, «Деу-Тико» үлгүсүндөгү (мам.ном А 12-30 В) унаа менен «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү (мам.ном А 08-23 О) унаасы кагылышкан.Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен «Деу-Тико» унаанын айдоочусу Нуралиев Мирбек Токтосунович каза болгон, анын жүргүнчүсү 1955-жылы туулган Майрамкан Абдикадырованын эки буту сынып, Өзгөн райндук ооруканасына жеткирилген. Ал эми Портер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу А.Ташиев эч кандай жаракат алган эмес.

КРнын ӨКМнин №53 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган жүргүнчүгө алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Өзгөн райондук ооруканага жеткиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×