Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 07.11.2014 12:01

Өзгөн районунда 9 ишкана октябрь айында салык карызын төлөгөн эмес

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда 9 ишкана октябрь айында 1,2 млн сомдон ашык сыммадагы салыкты төлөгөн эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, АВП «Ыкбал» ишканасынын ээси М.Мавлянов 34,2 миң сом, ГЭСХ «Алтын-Дан» 47,2 миң сом, «Нью Стар Билдинг» ЖЧКсы 350 миң сом, «Стройгилроресурс» ЖЧКсы 24,5 миң карыз.

Андан тышкары, «Оомат-Чангет» ЖЧКсынын ээси К.Өмүржановдун мамлекетке карызы 36 миң сом, «Дениз-Ойл» ЖЧКсынын карызы 35,4 миң сом, Ж.Тиллебаевге тиешелүү болгон Өзгөн шаардык ДУКС ишканасы — 28,3 миң сом, «Жазы» АК — 11,5 миң сом жана ишкер Кочкоров Кутлугбектин карызы 721,1 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×