Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.10.2014 09:07

Өзгөндүн Шоро-Башат тилкесинде жеке турак-үйдүн короосунан 1 тонна тезек жана 2 куб отун өрттөндү

Turmush -  Ош обусунун Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Шоро-Башат тилкесинин Машрапов көчөчүндө жайгашкан №13 турак-үйүн короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен Р.Базарбаевге таандык короодон жыгач устундуу шифер менен жабылган 32 чарчы метр бастырманын чатыры, 1 тонна тезек жана 2 куб отун күйдү.

Маалым болгондой, аялы Б.Базарбаеванын отко этиятсыз мамиле кылуусу өрттүн келип чыгышына себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×