Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 15.10.2014 18:10

Ош жана Өзгөн шаарында күрүч фестивалы өтөт

Turmush -  Ош жана Өзгөн шаарында 23-24-октябрда күрүч фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалды уюштуруу жана өткөрүү комитетинин мүчөсү Салтанат Бараканова билдирди.

Маалым болгондой, фестиваль күрүч өстүрүү менен алектенгендердин тажрыйба алмашуусуна, элдик каада-салттарды тереңдеп билүүгө шарт түзүү максатында уюштурулууда.

Күрүч майрамынын алкагында фестивалдын салтанаттуу түрдө ачылышы жана жабылышы, илимий-практикалык конференция, айыл-чарба продукцияларынын көргөзмөсү, Өзгөн районундагы күрүч плантацияларын жана күрүч иштетүүчү ишканаларды кыдыруу пландалууда.

Ошондой эле, чет өлкөлүк окумуштуулардын, күрүч өстүрүү боюнча адистердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн келери күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×