Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.10.2014 13:17

Фото - Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагында заманбап мамлекеттик бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында мамлекеттик бала бакча пайдаланууга берилди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Өзгөн районунун акиминин орун басары, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Эрнис Толтоев жана жергиликтүү эл катышты.

Белгилей кетсек, бала бакча жеке ишкер, үрөөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Каныбек Бекмурзаевдин демөөрчүлүгүндө ачылды.

«Биз үй-бүлөбүз менен көп жылдан бери ар жакта иштеп, акча чогултуп келдик. Эки кабат үй салсак чаң басып жатат экен. Андан көрө кичине болсо да элге пайдасы тийген иш кылалы деп, айыл өкмөт менен кеңешип, ушул балдар бакчасын ачып берүүнү максат кылдык эле эми ишке ашып отурат. Биз бул бала бакчаны акча табуу максатында эмес, мамлекетке салым кошуу, келечек муундун жакшы тарбия алуусуна көмөк болуу максатында ачтык», - деди К.Бекмурзаев.

Маалым болгондой, бала бакчанын имараты мурун үрөөнчүлүк чарбасынын кеңсеси болуп, кийин кароосуз калган. Аны оңдоо үчүн демөөрчү тарабынан 1,5 млн сом акча жумшалса, жергиликтүү эл 200 миң сом акча чогулткан.Бала бакча заманбап технологиялар менен жабдылып, ысык жана муздак суусу ичинен чыгарылып, жуунуучу жайлар орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×