Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.10.2014 10:06

Өзгөн районунда турак үйдөн өрт чыгып, 105 тонна чөп күйдү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүү жаранга тийиштүү жыгач устундуу темир жабылган турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 3-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндөгү Кара-Дыйкан айылында Саймидин көчөчү-34 дарегинде жайгашкан, ээси Э.Конушевге тийиштүү 96 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган турак үй, 32 чарчы метр бастырма толугу менен, 105 тонна чөп күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×