Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.08.2014 11:29

Ош облусунан Мамлекеттик салык кызматы 5 миң бөтөлкө контрафакттык ичимдикти аныктады

Turmush -  Ош облусунан «Кыргыз Алко Трейд ЖЧКсынын 371 миң 685 сомдук 5235 ичимдик бөтөлкөсү, «Кара-Балта арак заводу» ЖЧКсынын 3465 сомдук 77 ичимдик бөтөлкөсү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусундагы Өзгөн районунун аймагында контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди аныктоо жана алдын алуу боюнча салык рейдин жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө «Кыргыз Алко Трейд ЖЧК жана «Кара-Балта арак заводу» ЖЧКсынын өндүрүшчүлөрү тарабынан салык төлөөдөн качуу максатында жарым литрлик бөтөлкөлөргө 0,25 литрлик идиштин акциздик маркасын чаптагандыгы белгилүү болду.

Бул боюнча материалдар мындан аркы чараларды көрүү максатында ишканалардын катталган жери боюнча салык органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×