Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.07.2014 15:16

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата оңдоодон өткөн орто мектептер комиссиянын текшерүүсүнөн өтөт

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы мектептер 2014-2015-жаңы окуу жылына карата оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул туурасында Өзгөн шаардык мэриянын басма сөз кызматы turmush басылмасына билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, учурда шаардагы Курманжан Датка, Ч.Айтаматов, С.Шарипов, Бабур, Навои, Ленин мектептеринде ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Курманжан Датка мектебинде стадион, Бабур атындагы мектебинде от казан жана Навои мектебинин коргону курулууда.

Ошондой эле, шаардагы музыкалык мектебинине жылуулук түтүкчөлөрү орнотулуп, курулуш иштери бүткөрүү алдында турат. Музыкалык мектепке шаардык бюджеттин эсебинен 310 миң сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн.

Жакынкы күндөрү мектептердин ремонту аяктап, комиссиянын текшерүүсүнөн өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×