Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.06.2014 14:03

Өзгөндө 10-15 күн аралыгында айрым эгиндер бышып түшүм жыйнала баштайт

Turmush -  Өзгөн району боюнча 22 миң гектар жер аянтына кылкандуу дан эгиндери себилген. Бул тууралуу район акими Аттокур Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, 10-15 күн аралыгында эгин бышып түшүм жыйналат. Үрөөнчүлүктү колго алуу райондогу негизги тармак.

«Анткени кайракы жана сулуу аянттардагы түшүмдүүлүктү арттыруу үрөөндүн сапатына байланыштуу. Жыл сайын жаңы кайракы эгин аянттары өздөштүрүлөт. Айдап себүү жана ооруп жыйноо ишин жергиликтүү бийликтин карамагындагы Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасы жүргүзөт», - деп билдирди аким.

Ал кошумчалагандай, эгиндерди оруп жыйноого негизинен райондук бийлик даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×