Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 30.04.2014 09:51

Өзгөн районунда 3 айда жыйналган салыктан республикалык бюджетке 67 млн 368,9 миң сом чегерилди

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 2014-жылдын 1-кварталында жыйналган салыктан республикалык бюджетке 67 млн 368,9 миң сом чегерилип, болжол план 107,1% аткарылды.

Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев коллегиялык жыйында билдиргендей, кошумча 4 млн 812,7 миң сомго көп акча чогултулган.

Акимдин айтымында, айылдык бюджеттерге 21 млн 833,1 миң сом план аткаруу тапшырылган, аныгында аткарылганы 25 млн 33,3 миң сомду түзүп, болжол план 114,7% аткарылып, кошумча 3 млн 200,2 миң сом акча каражаты көп чогултулган.

Шаардык бюджетке 12 млн 672,6 миң сом план чегерилген жана анын аныгында аткарылуусу 123,7% түзүп, пландан сырткары 3 млн 9,1 миң акча каражаты чогултулганын кошумчалады аким.

Ал белгилегендей, Өзгөндө ушул жылдын 1-кварталына 112 млн 896,6 миң сомдук салык жыйналып, план 110,8%га аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×