Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 21.04.2014 17:02

Өзгөндүн Төрт-Күл айылындагы Т.Асранов орто мектебинин алдындагы музей капиталдык оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндө орун алган Т.Асранов орто мектебинин алдындагы музей капиталдык оңдоого муктаж, деп билдирди мектеп директору Бүажар Көчкөнбаева.

Анын айтымында, музейдин чатырынан суу өткөн күндөр да болгон. Андагы көп жылдык экспонаттарды сактап калуу үчүн ремонттон өткөрүү зарыл. Болбосо бул жердеги кыргыз мадниятынан кабар берген көптөгөн табылгалар сапатын жоготушу мүмкүн.

«Көп жылдык табылгалар жарыктан деле сапатын жогото берет. Жакында жергиликтүү жеке ишкер музейдин ичин ремонттон өткөрүп, чатырын жаңылап беребиз деп айтты. Бирок, сырттын да оңдолусу керек», - дейт ал.
Белгилей салсак, музей 1989-жылы курулган, анда көптөгөн экспонаттар бар.

21 04 2014_Узген 1

21 04 2014_Узген 2

21 04 2014_Узген 4

21 04 2014_Узген 5

21 04 2014_Узген 6

21 04 2014_Узген 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×