Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.04.2014 14:23

Өзгөндө «Жылдын мыкты мугалими - 2014» сынагынын райондук этабы өткөрүлдү

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Б.Асранкулов атындагы орто мектептин базасында 8-9-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими - 2014» сынагынын райондук этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сынакка катышкан 28 мугалимдин арасынан эң мыкты деп табылган 9 мугалим сынактын аймактык этабына катышып, өздөрүнүн педагогикалык чыгармачылыктарын, ишмердүүлүктөрүн жана изденүү менен эмгектенип жатышкандыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында К.Кулматов атындагы орто мектебинин математика мугалими К.Темирбаева 3-орунга, А.Төлөнов атындагы орто мектебинин биология мугалими А.Шерикбаева 2-орунга, А. Таңатаров атындагы мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими Жунусмамат кызы Акылай 1-орунга татыктуу болушса, Б.Келдибаев атындагы орто мектебинин химия-биология мугалими Т.Жумагулова гран-при сыйлыгынын ээси болду.

Аталган жөрөлгөнү колдоо максатында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Дүйшеев жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов чын дилден куттукташып, сынактын жеңүүчүлөрүнө, катышуучуларына өздөрүнүн баалуу сыйлыктарын тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×