Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 19.03.2014 11:36

Өзгөндө башка улуттун өкүлдөрү да комуз күүлөрүн үйрөнүшүүдө (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Сыдык Маматов атындагы музыкалык мектепте өзбек, түрк улуттарынын жаштары билим алышат. Бул туурасында аймактык кабарчыга атлаган мектептин директору Тенти Каримов билдирди.

Анын айтымында, айрыкча түрк жана өзбек улутунун жаштары комуз үйрөнүүнү каалашат.

Гулкумар Абдышүкүр кызы түрк улутунун өкүлү, Өзгөндөгү Зергер айыл аймагынын тургуну, ал 5 жылдан бери музыкалык мектептин комуз классында билим алып келет.

«Мен комузда ойноп жатканда өзүмдү бактылуу сезем, күүлөр менин жан дүйнөмө жакын. Комуз сабагына баруу алыс болсо да барып окуйм, алдыда дагы комуз сабагы боюнча улуу комузчулардан билим алсам деген тилегим бар», - дейт ал.

Аталган музыкалык мектепте жалпысынан 151 окуучу билим алат. Алардын көпчүлүгү комуз классында окуйт. Т.Каримовдун билдиргени боюнча, учурда мектепте музыкалык аспаптар жетиштүү. Мындагы окуучулар облустук жана райондук сынактарда катышып келет.

IMG-20140319-WA0025

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×