Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 26.12.2019 18:55

Өзгөн жана Кадамжайда кар калың жааганына байланыштуу жапайы айбанаттарга жем чачылды (видео)

Turmush -  Өзгөн жана Кадамжай райондорунда жапайы канаттууларга жем чачылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай районундагы башчысы Алай Беделов билдирди.

23-24-декабрь күндөрү Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай районундагы адистери тарабынан кекиликтер байырлаган тоо, сайларга арпа, буудай чачылган. Ошондой эле кийиктер түшүп келген үңкүрлөргө туз ташталып, топурактарга көмүлгөн. Мындай иш-чаралар кар калың жааганына байланыштуу жүргүзүлүүдө. Жалпысынан жапайы айбанаттарга 1 тонна арпа жана буудай, 300 кг туз бөлүнгөн.

Ушундай эле иш-чара Өзгөн районундагы аңчылар тарабынан да жүргүзүлдү. Өзгөн районунун аңчы адиси Мусурали Каримовдун айтымында, 23-декабрь күнү Өзгөн районунун Кара-Дөбө жана Байбиче тоолоруна 200 кг жем чачылды. Жемди райондун мергенчилери өз каражатынан ыктыярдуу алып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×