Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 24.12.2019 10:47 На русском

Өзгөндө 22 жаштагы жигит чоң энесин бычактап, качып кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда 70 жаштагы аялга өзүнүн небереси бычак сайып, качып кетти. Аял жаракатынан улам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, бычактын мизи бейтаптын ички органдарын тешип кеткен.

«Бизге М.А. 12-декабрда саат 14:05 чамасында түшкөн. Бейтаптын абалы өтө оор болчу. Дароо анализ алып, операция жасадык. Операция 3-4 саатка созулду. Бычак көкүрөктүн оң тарабынан кирип, бооруна жана өпкөсүнө тийген. Бейтап көп кан жоготуп, ичине да кан толгон. Алардын баарын жууп, тазаладык. 3-4 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Бүгүнкү күндө абалы жакшы», - деди дарыгер.

Ош ОИИБ билдиргендей, аялды анын небереси бычак менен сайган. Учурда шектүү изделүүдө.

Алардын маалыматына караганда, 12-декабрда болжол менен саат 10:33 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А. (аял киши) учтуу буюмдан денесинен жаракат алганын билдиришкен. Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүзүп, 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган 1997-жылы туулган Ж. уулу Э. өзүнүн чоң энеси М.А.ны ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги аныкталган.

Топтолгон материалдар 12-декабрда Өзгөн РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучу Өзгөн аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×