Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Ош облусуӨзгөн району 22.12.2019 09:00

Өзгөндө 39 жаштагы тургунду сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Өзгөн районунда 39 жаштагы тургунду сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 21-декабрда болжол менен түнкү саат 01:05 чамасында Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автожолунун 631-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылында Өзгөн районунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э.ни белгисиз айдоочу унаасы менен cүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү М.Э. ошол жерде каза болгон.

Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Ош облусунун аймагында «Курчоо» операциясы жарыяланып, район жана шаарлардын чыга бериш жерлерине ЖКККБ кызматкерлеринин тозот посттору коюлган. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Өзгөн РИИБдин ЖККК бөлүмүнүн жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну А.у.М.ны шектүү катары кармашкан.

Аталган факт Өзгөн РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулуп, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×